Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

АКШ Жогорку Соту шектүү атуулдун укугун карап жатат


ВАШИНГТОН. Соттобой туруп камакта өз атуулдарын кармоо аркылуу президент Буш өз укугун ашыкча пайдаланып жатат. Мындай доону Жогорку Соттун кечээки отурумунда террорчулардын катарында саналган эки америкалык атуулдун биринин адвокаты койду. Өкмөттүн өкүлү Пол Клемент бул көз карашты четке кагып, өлкө коопсуздугун сактоо үчүн Бушка Конгресс тарабынан укуктар кеңири берилгенин белгиледи. “Алкаидачылардын” катарында кызмат кылгандыгынан шектелген бул эки атуул эки жылдан бери камакта отурушат. Алар Конституциялык укуктары тепселип жатат деген негиздеме менен Жогорку Сотко кайрылышкан. Сот чечим чыгара элек.

XS
SM
MD
LG