Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага Фаллужа шаарындагы салгылушуулар үч күндөн бери уланууда. Америкалык аскерлер алдыңкы үлгүдөгү курал колдонуп, карапайым калк арасындагы өлүмдөрдү дээрлик жокко чыгардык дегени менен, Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан АКШ жетекчилигине кайрылып, аны - мүмкүн болушунча азыраак аскерий аракет көрүүгө чакырды. Анын айтымында, аскерий жеңиштен мурда америкалыктар ирак элинин көңүлүн алууга тийиш.

Кофи Аннандын пикиринде, АКШ канчалык көп курал колдонсо, ошончолук көп адам Иракта америкалык оккупацияга каршы көтөрүлүшү мүмкүн: "Оккупация канчалык күчөп, карапайым калкка анын зыяны канчалык көп тийсе, каршылык дагы ошончолук күчөйт. Менин оюмча, ар бир адам түшүнөт, ийгиликке жетиш үчүн, эң биринчи кезекте элдин көңүлүн алыш керек".

4-апрелден бери америкалык курчоого алынган Фаллужа шаарындагы салгылашуулар 27-апрелде башталган жана америкалыктар негизинен аскерий учак менен тик учмалардан шаардагы ар башка буталарга лазер менен мээленген бомбаларды таштоодо. Президент Жорж Буштун айтымында, шаар жалпысынан америкалык көзөмөлгө алынды: "Фаллужа негизинен кадимки калыбына келди. Шаардын кээ бир саналуу гана аймактарында каршылык көрсөтүлүп жатат, бирок аларды дагы аскерлер жакында өз көзөмөлүнө алат".

Америкалык аскерлер спутник аркылуу тартылып алынган шаардын сүрөттөрүн пайдаланып, бомбаларды бутага лазер менен мээлеп, абдан так аракеттенип жатканын билдирүүдө. Алардын айтымында, андай бомба менен көчөдө турган бөтөлкөгө так тийсе болот. Фаллужанын 200 миңге жакын тургунунун үчтөн экиси үч аптага уланган курчоо мезгилинде шаардан чыгып кеткен. Бирок Фаллужанын түндүгүндө Голан аттуу аймак бар жана анда 40 миңге жакын кедей-кембагал жашайт. Алар шаардан кеткен эмес жана аймактын көчөлөрү өтө тар болгондуктан, алар аркылуу танк же чоң машине да өтө албайт. Фаллужанын көчөлөрүн күзөткө ала баштаган америкалык аскерлер менен ирактык полиция дагы азырынча Голанга жолобойт.

Фаллужанын тургундары негизинен сунни мусулмандары, ал эми шийилердин Нажаф шаарын дагы америкалык аскерлер көптөн мери курчоодо кармап туурат. Кээ бир маалыматтар боюнча, Мехди армиясын түзүп, америкалыктарга куралдуу каршылык көрсөтө баштаган Муктада ас-Садр ушул шаарда жашынууда жана АКШ жетекчилиги аны кармоого буйрук берген. Кофи Аннандын айтымында, Нажаф шаарында дагы америкалыктар өтө кылдаттык менен аракеттениши зарыл, анткени шаарга чабуул коюлса, анын арты эмне менен бүтөөрү белгисиз.

Ирактагы согуш башталгандан бери бир жылдын ичинде америкалыктар 720 аскерин жоготту, алардын беш жүз жыйырмасы куралдуу кагылышуулар учурунда курман болду. Жалгыз эле үстүбүздөгү айда болсо 114-америкалык аскер өлтүрүлдү, ал эми былтыр жыйырма күнгө уланган кадимки согуш учурунда 109 гана аскер набыт кеткен.

АКШ аскерлеринин мурдагы башчысы генерал Энтони Зиннинин айтымында, Ирактагы америкалык аскерлер бир гана тактика менен аракеттенүүдө жана алардын башчыларынын саясатында ийкемдүүлүк жок. Андан тышкары, генералдын пикиринде, америкалык аскерлердин Ирактагы саны дагы жетишсиз. Коргоо министри Доналд Рамсфелдке анын жардамчылары былтыр Иракка көбүрөөк аскер жибериш керек дегенде, ал андай сунушту четке каккан. Акыркы күндөрдө болсо АКШ жетекчилиги азыркы 135 миң аскерге кошумча дагы 20 миң адам алып келүүнү чечти. Алардын алдыңкылары келе баштады, бирок алар согуш үчүн эмес, көчөлөрдү жана кээ бир шаарларды көзөмөлдөө үчүн чакыртылгандыктан, алардын кээ бирлери оор куралдарын ала келген эмес болуп чыгууда.

XS
SM
MD
LG