Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:24

МУСУЛМАН ДҮЙНӨСҮ ЖАНА АКШнын ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ САЯСАТЫ


Талдоочулардын айтымында, Кошмо Штаттардын Израил жана Иракта жүргүзгөн саясатына байланыштуу араб дүйнөсүнүн айрым бөлүктөрүндө америкалыктарга болгон жек көрүүчүлүк күч алууда. Арабдардын көңүлүн алып, колдоосуна жетишүү үчүн АКШ өкмөтү тышкы саясатында мусулмандарга көбүрөөк көңүл бурушу абзел дешет байкоочулар.

Кошмо Штаттардын жакын ымалашы, Мисирдин президенти Хосни Мубарак Вашингтон Ирак жана Израилге болгон саясатын өзгөртпөсө, ислам дүйнөсүн элдешкис жоо кылып алат деп эскертти. “Адегенде кээ бир арабдар америкалыктар аларга жардамдашат деп ойлошкон жана америкалыктарды жек көрүү жок эле. Алар Иракта болгон окуялардан кийин америкалыктарды мурда болуп көрбөгөндөй жек көрө башташты”,- деди Мубарак Парижде чыкчу "Le Monde" гезитине өткөн аптада берген маегинде.

Мубарактын артынан эле АКШнын терроризмге каршы күрөштөгү башка бир союздашы - Йемендин президенти Али Абдулла Салих да Вашингтон өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы саясаты менен дүйнөдөгү 1 миллиарддан ашуун мусулмандарды душман кылып алаарын кулак какты кылды.

Газа тилкесинен чыгып кетүү жана Батыш Иордандын маанилүү шаар-кыштактарында жөөттөрдүн конуштарын калтыруу боюнча Израилдин планын Жорж Буштун колдогону, бирок ошол эле учурда анын палестиналык качкындардын Израилге кайтып келүү укугун тааныбаганы мусулмандар арасында күчтүү нааразычылыкты жаратты.

Улуттар Уюмунун атайын элчиси Лахдар Брахими да АКШнын Израилди колдогонун жактырбады:

- Мен фактыларды гана айтуудамын. Бул менин пикирим эмес. Мен Израил жөнүндө эмес, анын уулуу саясаты жөнүндө айтуудамын. Израилдин саясаты регионго уу болууда. Аны региондогу жана андан тышкары жактагы ар бир адам сезүүдө. Менин оюмча, муну адамдардын пикири эмес, далил ырастайт.

Араб өлкөлөрүндөгү талдоочулар Брахиминин сөзүн региондо антиамерикалык маанай күчөгөнүн тастыктаган жаңы далил катары баалашты.
Ливандын талдоочу Низар Хамзенин айтышынча, байистүүлүктү жана чатакты сүйлөшүү жолу менен жөндөөнү жактаган мусулмандардын саны күн санап азайып барат:

- Катардагы араб жарандары - алар палестиналыкпы же араб мусулмандары болобу, жалпысынан алганда - ислам согушчандарынын жасаганы туура, ал эми сүйлөшүүгө макул болгондор натуура иш кылууда деп түз эле айтышат.

Низар Хамзе Бейруттагы Америка университетинин профессору.

Араб гезиттери бул сындуу пикирлерге толо орун берүүдө. Кувейттик социолог Халдун ал-Накуб Мисирдин “ал-Ахрам” жумалыгында жихад - мусулман дүйнөсү менен Батыштын азыркы таймашында жеңип чыкчу жалгыз жол деп жазат.

Араб Лигасынын мурдакы башкы катчысы, ливандык Кловис Максуд ушул эле гезитте: “Арабдардын алдында кыргыектер: АКШнын коргоо министринин орун басары П. Вольвовиц менен Пентагондун кеңешчиси Р. Перлди же Буш башындагы фундаменталисттерди, болбосо адамзаттын өнүүгүүсүнө бут тоскон бин Ладенди ээрчүүнүн тарыхый дилеммасы турат”, деп ой жооруйт.

Анкарадагы Тышкы саясат институтунун эксперти, мурдакы дипломат Октай Аксой биздин радиого берген интервьюда Кичи Азияда Америкага болгон ишенбөөчүлүк өтө күчтүү экенине токтолду:

- Тилекке каршы, АКШга болгон ишеним жоголду. АКШ өкмөтү Палестинадагы, ошондой эле Израил менен Палестина арасындагы проблемалардын айрымдарын чечүүгө жөндөмдүү экенин ар бир адам билет. Бирок Буштун администрациясы жүргүзгөн саясат мусулман өлкөлөрү АКШдан күткөндөй калыс болбоду.

Американын саясаты өтө эле израилчил болуп кетти деген ишеним ХАМАС уюмунун ана башы Абдел Азиз Рантисини өлтүрүүнү Вашингтон ачык сындабагандан кийин дагы өстү.

Байкоочулар Ирактын Фаллужа жана Нажаф шаарларындагы кармаштар кандуу айкашка айланса, Американын ислам дүйнөсүндөгү аброюна чоң зыян келет деп боолгошот.

Профессор Хамзенин сөзүнө караганда, АКШга болгон жек көрүүчүлүк чимириктей айланып отуруп, Вашингтонго союздаш өлкөлөрдүн азыркы бийликтерин солкулдатышы ыктымал:

- Эгерде Сауд Арабияда жана Иорданияда жүрүп жаткан окуялардын мазмунуна көңүл бура турган болсоңуз, аерде болуп жаткан чакан козголоңдор бийликтеги режимдер үчүн чоң коркунуч бар экенин күбөлөйт. Атүгүл Мисирдин студенттик шаарчаларында режимдин көзөмөлү астында өткөн демонстрациялар - бийлик качанга дейре өлкөдөгү кырдаалды башкарып тура алат деген суроону жаратат. Бул - ойлоно турган иш.
XS
SM
MD
LG