Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

30-апрелде аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 30-апрелде Кыргызстандын кээ бир чөлкөмдөрүндө жамгыр жаайт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ЧҮЙДӨ түнкүсүн 0…+5 градус, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Күндүз +8…+13 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0…+5 градус, кээ бир жерлерде 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +6…+11 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн 0…-2 градус суук, үшүк жүрөт. Күндүз +9…+14 градус жылуу болушу күтүлөт.
НАРЫН облусунда түнкүсүн 0…+5 градус, айрым аймактарда 0…-2 градуска чейин суук болот. Үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Күндүз +11..+16 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус жылуу, күндүз +9…+11 градус жылуу болот.


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы тууралуу маалыматты Алина Кангелдиева сунуш кылды.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG