Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Электр энергиясынын карыздарын өндүрүү күчөтүлөт


БИШКЕК. Каржы министри финансы полициясына электр энергиясын уурдоого бөгөт койуу максатында күчөтүлгөн текшерүү жүргүзүүнү жана көзөмөл кылууну тапшырды. Айрыкча кафе-ресторан, дүкөн, сауна, эс алуу жайлары, казино жайгашкан имараттардын электр акысынын төлөмдөрү жана техникалык сапаттары текшерилет. Бул тууралуу бүгүн Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда финансы полициясы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн жарым жыл аралыгында электр энергиясынын акчасын төлөбөгөн жана уурдаган 311 фактынын бети ачылып, 128 кылмыш иши козголгон. Алардын арасында кызматынан кыянат пайдаланган энергетика тармагынын кызматкерлери да бар. Финансы полициясы тарабынан 21 млн. 270 миң сомдук карыз өндүрүлгөн. Өкмөт алдындагы энергетика боюнча мамлекеттик комиссиясынан алынган маалыматка ылайык, учурда өлкөдө электр энергиясы үчүн дебитордук карыздын көлөмү 3 миллиардга жакын сомду түзөт.

XS
SM
MD
LG