БИШКЕК. Бүгүн Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинде банк тарабынан Кыргызстанга 7 млн. АКШ долларын бөлүү жөнүндөгү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бул каражат аталган банктын Кыргызстанга жардам көрсөтүү стратегиясынын алкагында бөлүндү. Каражаттын негизги бөлүгү Майлысуу шаарындагы уран калдыктарын реабилитациялоо, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштерине жумшалат. Каражат Кыргызстанга ушул жылдын июнь айында Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу башкы кеңсесинде жактырылгандан кийин берилет.
Майлусуу шаарында уран калдыктары көмүлгөн 30га жакын жайлар бар.
Майлусуу шаарында уран калдыктары көмүлгөн 30га жакын жайлар бар.