Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Кыргызстандын экономикасында жылыш барбы?


БИШКЕК. Өкмөттүн бүгүнкү отурумунда биринчи кварталда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү тууралуу Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Амангелди Муралиев маалымат берди. Анын айтымында, былтыркы жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу быйыл баардык тармак боюнча экономикалык өсүш бар. Ички дүң продукция 5,7% өскөн. Тышкы соода жүргүзүүдөн 215 млн. ашык АКШ доллар өлчөмүндө киреше кирип, былтыркыга салыштырмалуу товарды экспорттоо 23%, өндүрүш 8%, айылчарба продуктуларын өндүрүү 10% өскөн.
Ал эми жылуулук, энергетика, газ тармагынын жетекчилеринин маалымдашынча, 2004-2005-жылдын күз мезгилине жана кышка даярдык көрүлүүдө, бирок көмүр жана мазут ташып келүүдө кыйынчылыктар түзүлүшү мүмкүн. Өзбекстан тарап менен газ маселеси али толук чечиле элек.

Ошондой эле жыйында кредит маселесине байланыштуу GSAC жана GTAK программаларынын аткарылышы тууралуу маселелер да каралды.

XS
SM
MD
LG