Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Министрлер, комитет жана департамент жетекчилери чет өлкөгө баруусун токтотот


БИШКЕК. Бүгүндөн баштап министрлер, комитет жана департамент жетекчилери чет өлкөгө, республиканын аймагында иш сапарына ар кандай шылтоолор менен чыкканын токтотсун. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасында каралуучу мыйзам долбоорун талкуулоодо тиешелүү министрликтин, комитет, депертаменттин жетекчилери сөзсүз катышуусу зарыл деп премьер-министр Николай Танаев бүгүн өкмөттүн жыйынында билдирди. Ошондой эле өкмөт башчысы облус губернаторлору, район жетекчилери өз алдынча алгылыктуу иш алып бара албай жатканын сынга алды. Учурда республикада 187 өндүрүш ишканасы иштебей турат. Айрым ишканаларды жасалма жол менен банкрот кылууну көздөгөндөрдү текшерүү сунушун айтты. Ал эми аймактардагы мамлекеттик администрация жетекчилери инвестицияларды тартуу, айыл чарба продукцияларын сатуу багытында эч кандай аракеттерди жасабай, өкмөттөн акча каражатын алууну көздөп калышкан. Мисалы, Ысыккөл облусунун администрациясы өткөн жылы Караколдо картошканы кайра иштетүүчү ишкананы куруп берүүгө келген чет өлкөлүк инвестордон баш тарткан. Чүй облусу 15 миң тонна тоок этин Орусияга сатып, кайра миллион доллар баасындагы тоок этин сырттан сатып келүүдө. Майлысуу заводу чыгарган 30 млн. электрлампаны Иран өкмөтү сатып алууга макулдугун берген. Бирок жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан алигиче бул иш жандана элек.

- Облус жетекчилери, мен силерге эскертемин. Өзүңөрдүн аймак үчүн жооп беришиңер керек. Ал эми силер иш эмне менен бүтөөр экен деп карап отурасыңар. Өкмөт тарабынан сунуш кылынган социалдык-экономикалык багыттагы иш чаралар жакын арада аткарылбаса облус, район жетекчилерине катуу чара көрүлөт - деди өкмөт башчысы Николай Танаев.

XS
SM
MD
LG