Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

АКШ: ЖОРЖ БУШ МЕНЕН ДИК ЧЕЙНИ 11-СЕНТЯБРЬ БОЮНЧА КӨРСӨТМӨ БЕРИП ЖАТЫШАТ


Бүгүн АКШнын президенти Жорж Буш жана вице-президент Дик Чейни 2001-жылдын 11–сентябрындагы террактар боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан комиссияга көрсөтмө беришүүдө. Алардан ант алынбайт. Ошондой эле, жабыш эшик артындагы сөздөр жаздырылбайт. Президент Жорж Буш алардын көрсөтмөлөрү комиссиянын келечекте террордук коркунучтарды алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышына көмөктөшөөрүнө ишеним билдирди. Бирок айрымдар президент комиссияга баарын ачык айтпашы мүмкүн деп эсептешет.

2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялар кандай жагдайда болгонун иликтеп жаткан комиссия Конгресс тарабынан түзүлгөн эле. Комиссиянын курамы он адамдан турат. Ага АКШнын негизги эки саясий уюму: Республикалык жана Демократиялык партиялардан бештен өкүл кирген. Комиссия мүчөлөрүнүн арасында мурдагы конгрессмендер, губернаторлор бар.

Президент Жорж Буш адеп башында аталган комиссиянын түзүлүшүнө каршы турган эле, бирок акыр аягында ага көндү. Буш ошондой эле комиссия өз ишин аягына чыгаруу үчүн көбүрөөк убакыт сурап, отчетун ушул жайдын аягында, быйыл күздөгү президенттик шайлоого жакын калганда жарыялоосун да туура көргөн эмес. Анткен менен ал буга да макул болду.

Эң соңку ирээт Жорж Буш өзүнүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс ачык жана ант алдында көрсөтмө берүүсүнө каршы турган. Анда Ак үй администрациянын жогорку даражалуу өкүлдөрү кызматын аркалап жаткан кезде конгресс түзгөн комиссияга көрсөтмө берүүгө милдеткер эмес экендигине басым жасашкан болчу.

Бирок жакында Кондолиза Райс да комиссияга ант алдында ачык көрсөтмө берди. Президент Буштун администрациясы буга Кондолиза Райстын мисалы келечектеги администрациялар үчүн прецедент катары пайдаланылбайт деген шартта макул болгон.

Комиссиянын суроолоруна буга чейин Кондолиза Райстан тышкары Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл, коргоо министри Доналд Рамсфелд, азыркы жана мурунку администрациянын башка бир катар өкүлдөрү жооп беришкен эле.

Ал эми президент Жорж Буш менен вице-президент Дик Чейнинин комиссия алдындагы көрсөтмөлөрү жабык эшик артында угулууда. Ошондой эле алар ант бербейт, сөздөрү аудио жана видеого жаздырылбайт, бирок кагазга түшүрүлмөкчү.

АКШ президенти кечээ кабарчылар менен болгон маегинде анын жана вице-президенттин комиссиядагы көрсөтмөлөрү келечекте 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай террордук чабуулдарды алдын алууга жардам берет деген үмүттө экенин айтты:

- Мен талкууну, комисcиядагылар биздин экөөбүзгө тең суроо беришин чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бул ал адамдардын келечектеги президенттер террор коркунучуна каршы турууда жардам бергидей сунуштарды иштеп чыгуусу үчүн өтө эле жакшы мүмкүнчүлүк болот.

Вашингтондогу Като институтунун вице-президенти Девид Бозенин айтымында, АКШ президенттери үчүн мындай комиссияда, өзгөчө ант алдында көрсөтмө берүү мүнөздүү көрүнүш эмес. Бирок ал президент Жорж Буш бул комиссиянын ишине каршы болуп келгенден улам, анын жашыра тургандай бир нерселери бар деген ишенимде:

- Менин ишенимимде, президенттин жашыра турган эч нерсеси жок болсо ал 2001-жылдын 11-сентябрына чейин эмне болгону жөнүндө комиссияга, коомчулукка айтып берүүгө көбүрөөк дилгирленмек. Менимче, ал иштер, бери дегенде бизге маалым болгондой, жасалыш керек эле жана буга чейин жасалган жок. Кайра шайланууну көздөгөн президент үчүн бул жагымдуу тема эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG