Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Түркия Евросоюзга он же он беш жылда барып кошулушу мүмкүн


Бул тууралуу Франциянын президенти Жак Ширак Париждеги пресс-конференцияда билдирди. Түркия союзга мүчө болуу үчүн коюлган шарттарга азырынча даяр эмес. Соңку бир нече жылда өлкөдө олуттуу аракеттер жасалды, бирок союздун талаптарына төп келүү үчүн Түркияга дагы көп иштерди жасоого туура келет, деп айтты француз президенти. Атап айтканда, адам укуктарынан тартып юстиция чөйрөсүндөгү абал жакшыртылууга тийиш. Ушул ишембиде союзга жаңы он өлкө мүчө кошулганы жатканын куттуктап, Ширак бул окуяны Европаны “биринчи класстагы экономикалык күчкө” айлантуу жолундагы эбегейсиз кадам деп атады. Ал ошондой эле быйыл жайдагы саммитте жалпы европалык конституциянын тексти жактырыла тургандыгына ишенич билдирди.

XS
SM
MD
LG