Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

ТОКОЙ ТОНОЛУП БАРАТАТ. САКТАП КАЛУУГА ЧАМА АЗ


Кыргызстанда токой аянттары кескин кыскарып, жаратылышка олуттуу коркунуч туулду. Жергиликтүү калк каатчылыктан улам отун, курулуш материалы катары бак-дарактарды кыйып, жоготуп жатат. Ага кошумча - кыргыз токоюн илдет каптап, ал кыйын жагдайга капталууда. “Азаттыктын” бүгүнкү “Коом жана турмуш” түрмөгү кыргыз токоюнун абалына арналмакчы.

Токой көйгөйү социализм тушунда деле айтылчу. Мамлекеттик токой фондуна тиешелүү жерлердин кыйласынын колхоз-совхоздорго өткөрүлүп берилиши токой аянттарынын кескин кыскарышына алып келгени белгиленчү. Антсе да, кыргыз токою азыркы кездегидей бир четтен кыйылып, чоң бүлгүнгө кабылаары ойго деле келчү эмес.

Адистердин айтымында, токойлорду бир четтен кыюу Улуу Атамекендик уруш учурунда жүргүзүлгөн. Батыштан жоо жакалап турган кыйын чакта токой калкка отун-суу, мамлекетке керектүү буюмдарды жасоого жарап берген. Айталы, 1930-жылдары Кыргызстандын жалпы аянтынын 6% жерин токой ээлеп турса, уруштан кийин ал 2% жакын кыскарган.

Эгемендик жылдарында токойду сактоо, аны калыбына келтирүү амалында биртоп аракеттер жасалды. 1994-жылы “Токой” улуттук программасы кабыл алынды. 2001-2005-жылга токой чарбасын өнүктүрүү боюнча концепция иштелип чыгып, анда токой аянтын 6% жеткирүү милдети белгиленген. 1999-жылы парламент тарабынан Токой кодекси кабыл алынган.

2000-жылдын август айында Ош шаарында кыргыз токоюнун учурдагы абалын иликтөөгө арналган эларалык симпозиум өткөрүлгөн. Алдагыдай иш-чаралардын баары токойду коргоо, аны өнүктүрүү аракетине багытталганы айтпасак деле түшүнүктүү. Мындан тышкары, кыргыз өкмөтү 1995-жылдан бери токойду сактап калуу, колдон келсе аны өстүрүү максатында Швейцария өкмөтү менен кызматташып келатат.

Бул ишке Швейцариялыктардын тартылып калышынын себеп-жөнү деле белгилүү. Швейцария да учурунда жоголуп бараткан токоюн калыбына келтирүү, бак-дарактарды арбын отургузуу аракетин көрүп, тоо боорундагы токойлорун сактап гана калбастан, анын аянтын кыйла кеңейтүүгө да жетишкен. Болгон айырма, швейцариялыктар токой аянты жеринин 27% гана ээлеп калганына кабатырланып, жапырт аракетке өтүшкөн.

Айтса, биздеги бийлик башчыларынын кенебестиги, токойду унутуп, жашылдандыруу ишине маани берилбей калганы тууралуу президент А.Акаев Жалалабаддагы жыйында мамындай сөзүн айтты:

- Мына өзүбүз жөө эле барып алып келип тиге турган көчөттөрдү отургузууга мойнубуз жар бербейт. Кагаз бетинде жазылган сандар көңүл жубатарлыктай көрүнгөн менен, жылына миллиондой көчөттөрдү отургузуп жатабыз деп айтканыбыз менен, аны таптакыр карабай жатабыз. Каралбай ташталган соң мал жеп, тебеленип же куурап калууда. Бул жагында да жалган маалыматтар толтура. Жылына рапорттор берилип эле келатат. Бирок андан өлкөбүздүн кебетеси өзгөргөн жок. Мына ушул маселе кейитпей койбойт.

Ал эми карагай-арчалар, сейрек бак-дарактардын уламдан-улам кыркылып жок болуп баратканы, аларды жакшылап корукка алуу маселеси жакшы чечилбей атканы коомчулуктун тынчын алган маселеге айланганы эч кимге жашыруун эмес.

Тоолорубуз эмне үчүн көчүп атат? Тоолордун көчкөн себеби деле бак-дарактарды кыйып салганыбыздан улам болуп атпайбы. 19-20-кылымдарда бак-дарактарды кыйып салганбыз. Мындай маселени ар бир өлкө өз башынан өткөрөт.

Мына, Швейцария. Мен Швейцарияны ар дайым Кыргызстанга үлгү катары көрсөтүп келем. Кыргызстандын келечеги Борбор Азия үчүн ушул Швейцариядай болсо экен деп ар дайым ойлоп, кыялданып келем.


Мындан бир кылым илгери тоолуу Европада сындан өткөн ыкманы швейцариялыктар Кыргызстанга байралтуу сунушун айтып келишүүдө. Чет өлкөлүк адистердин сунушу ишке аша турган болсо токойлор ал жерлерде жашаган жергиликтүү жамааттарга узак мөөнөткө ижарага берилип, токойду сактоо, аянттарын кеңейтүү элдин энчисине тийет.

Швейцариялык адистер айтылгандарды иш жүзүнө ашырыш үчүн Көлдүн Ананьево, Жалалабад облусунун Сузак районундагы “Орток”, Ош облусунун Өзгөн районундагы “Өзгөн” токой чарбаларында атайын долбоорду сындан өткөрүштү.

Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-жемиш токоюнун абалы ушу тапта өзгөчө оор. Антишке экономикалык кыйынчылыкка капталган калктын токойду бир четтен отунга, курулуш материалына деп кыя баштаганы, экинчи жагынан жергиликтүү жетекчилердин жаңак уюлун сатып, пайда көрүүгө бет алышы себеп болду. Аны жергиликтүү калктын өз оозунан уксак. Алардын пикирин “Азаттыктын” Жалалабад облусу боюнча кабарчысы Ырысбай Абдыраимов жазып алган. Анда эмесе кепти кесиптешиме узатсам.

Рысбай Абдраимов:

- Токой чарбалар мамлекеттин карамагында калганы менен, биздин пикирлештердин баасы боюнча токойду коргоо ишинде кемчиликтер арбын. Алча, мисте, жапайы алма, долоно дарактарына илдет тийип, аларды дарылоого токойчулардын мүмкүнчүлүгү жок. Токойдо жашоочуларга үлүш жер тийбегендиктен “санитардык тазалоо” деген шылтоонун алдында илдет тийген, түшүм бербеген дарактарды эле эмес, эми жетилген жаңактар кыйылып, сатылып жатканын Рысбек Зулумбековдон уксак:

- Түптүз, туптунук жаңгактар кыйылып, сатылып атат Өзбекстанга, башка жактарга. Анын үзүрүн жергиликтүү эл көрбөй жатат. Эң өкүнүчтүүсү, токой чарбаларынын турмушу начар. Башка жактагыларга жер үлүшү берилди, токойчулар куржалак калышты. Жолдун ыраактыгы жана транспорт каражатынын кымбаттыгынын айынан тоолуктарга көмүр барбайт. Көмүр алууга чамасы жок тоолуктар токой дарактарын уурдап жагууга аргасыз. Базаркоргон райкеңешинин болжолу боюнча кышында 3 миң кубометр токой дарагы кыйылат. Андан калса, жаңгак уюлдуу токойлор сейректеп баратат. Жаңгак уюлу Базаркоргон районундагы “Кызылүңкүр”, “Арстанбап”, “Ачы”,
“Жайтерек” токой чарбасында көп казылууда,-
дейт Рысбек Зулумбеков.

Токой башчылардын борбордон дайындалып, бат-бат алмашкандыгы жоопкерчиликти төмөндөтүүдө.

- Браконьерлер аз келгенсип, токойго илдет да жукту. Сузактын “Каралма” токой чарбасында алча аттуу калган жок. Алчанын жалбырагын курт жеп койду, - дейт Рысбек Зулумбеков.

“Кызылүңкүр” токой чарбасынын токойчусу Акмөөр Черикова токойду кийинки муундагыларга калтыруу үчүн аны дарылоо керек деген пикирде.

- “Кызылүңкүрдө” алма, алча, жаңгак дарагынан башка эч кандай кирешебиз жок. Ошол өсүмдүктөрдүн түшүмү менен жашайбыз. Жаңгак болбой калса алчаны как, сок, кыям кылып сатып оокат кылабыз. Эгер алар кыйылып бүтсө бизден кийинки муундар эмне менен жашайт?- деген суроо койду Акмөөр Черикова.

Бекташ Шамшиев:

- Расмий эсептөөлөргө таянсак, 1925-жылдан 2000-жылга чейин 9,7 миллион кубометр жыгач отун даярдалган. Социализм тушунда санитардык тазалоо катары куурап бараткан, илдетке кабылган дарактарды кыюуга уруксат берилчү. Кийинки жылдары токойдо өсүп турган дарактарды өнөр жайлык иштетүү максатында пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Кыргызстандагы токойлордун абалы тууралуу кесиптешим Фатима Абдалова Кыргызстандын токой кызматынын жетекчисине, коомдук уюм башчысына суроо менен кайрылган. Кеп кезеги Фатима Абдаловада:

- Арстанбап аймагында талоонго түшкөн жаңгак токойлорунун кейиштүү абалына тынчсызданган жергиликтүү атуулдар токойду коргоп, сактоо максатында өткөн жылы «Ак Тайлак Ата» коомун жана «Алтын жаңгак» кайрымдуулук фондун түзүшкөн. «Ак Тайлак Ата» коомунун төрагасы, республиканын эмгек сиңирген дарыгери Бекмырза Исмаилов :

- Бүгүн карасаң адам ыйлай тургандай болуп турат. Токойду биринчиден ошол жерде жашаган эл турмуштун кыйындыгынан, көмүр жок, электр энергиясы жоктугунан отунга кыйып жагып жатышат. Бул бир жагы. Экинчи жагы - ошол жаңгакты тактай жасаш үчүн, эмерек жасаш үчүн сатып жатышат. Ошол сатып жаткандарга токой чарбаларынын жетекчилери, токойчулар өздөрү көмөкчү болуп жүрүшөт.

Токойдун ушул күнкү акыбалы - кыйып-тонолгондон тептегиз болуп эле куржалак болуп калган. Андай болгон соң, токой жок болгондон кийин – чөп да өспөйт, кыртыштын эррозиясы кетет, ошондон көчкү маселеси чыгат. Арстанбап аймагында жаңгактын уюлу же болбосо "кап" деп, абдан кымбат баада бааланат экен чет мамлекетте. Бизде болбогон баада сатылып кетүүдө. Биз өзүбүздүн кайрылуубузда айтып жатабыз корук болсо деп. Экинчиден, Арстанбап аймагында тарыхта белгилүү инсандардын, белгилүү бек-хандардын, баатырлардын 46сынын сөөгү коюлган. Ошондуктан ал жерге комплекс-мемориал куруу керек деп жатабыз, -
дейт Бекмырза Исмаилов.

«Алтын жаңгак» фондунун кайрылуусуна жооп берген Кыргыз мамлекеттик токой кызматынын төрагасы Туратбек Мүсүралиев Базаркоргон районунун токой чарбаларында жаңгакты кыюу Кыргызстандын токой кызматынын 2004-жылдын 18-мартындагы 33-буйругу менен токтотулганын маалымдады.

Туратбек Мүсүралиев:

- Мени да тынчсыздандырбай койбойт бул маселе. Ошол элдин тагдырын карап көрүш керек да адегенде. Кыргыз-швецариялык программанын эң жакшы чечилип жаткан маселеси – ушул токойлорду ошол жерде жашап жаткан эл жамааттар менен биргелешип сактап калуу, коргоо, куурап калгандарын отунга пайдалануу, ичиндеги чөп-чабындыларын мал-салын бакканга пайдалануу, мөмөлөрүн жыйноо.

Өкмөт токтом чыгарып берди, ушул токойду жамаатташып пайдалануу боюнча. Ушул жакшынакай токтомдорду да бузуп алып жатабыз да өзүбүз. Ошол эле аткаминерлер, ошол эле кызмат талашкандар өздөрү кыйдырганга жардам берип, анын ичинде токойчусу да бар, ошол жашап жаткан эл да бар. 2001-жылдары бул маселе көтөрүлүп, токтоп калган эле. Мына кайра эми алты айдан бери жергиликтүү укук коргоо органдары менен, жергиликтүү администрациялар менен бул ишти козгоп жатабыз.

Мен жакынкы бир айдын ичинде губернаторго үч жолу жолуктум. Кээ бирөөлөр саясатка салып ызы-чуу чыгаргысы келип жатат. Ошондуктан май айында барып ошол жерге, эл менен жолугушуп, сүйлөшүп областтык деңгээлде коллегия уюштуруп, коомчулук катышып берсе, ошол жерде отуруп сүйлөшсөк – ким токойду кыйганга барып жатат, эмне себептен барып жатат, канткенде токтотсок болот - ошону карайбыз, -
деди Кыргыз мамлекеттик токой кызматынын төрагасы Туратбек Мүсүралиев.

Адистердин айтымында, Кыргызстандын токойлорунда 4500 ашуун өсүмдүктөр өсөт. Анын ичинен 300 түрү жоголуу коркунучунда турат. Бир нече катмардан куралган биологиялык ар түрдүүлүктүн бирөөсүнүн жоюлушу калган түрлөрдүн өнүгүшүн кадыресе токтотот. Мунун натыйжасында экологиялык оор кырдаал түзүлөт.

Андай коркунучтун алгачкы белгилери ушу азыр кыргыз токоюн да каптай баштады. Кыргызстандын түштүгүндөгү уникалдуу жаңгак токоюнда кездешчү жапайы алчалар кыйгас куурап жок болууда. Зыяндуу илдет долонолорду каптоодо. Жагдайдын оор экени адистерге, токойчуларга дайын. Токойду зыяндуу илдеттерден коргоого өкмөттүн каржылык мүмкүнчүлүгү жок.

Адистердин айтымында, Кыргызстандын түштүгүндөгү жапайы жаңгак токою дүйнөдө кездешпеген кайталангыс уникал система. 632 жарым гектирди ээлеген табигый байлык таландыга түшүп, жок болуп кетсе Фергана өрөөнүн кандай экологиялык кырсык каптаарын элестетип көрүшкө ашкан акылдын кереги деле жок. Социализм тушунда коомдук малдын туяк алдында тепселген жаңгак токой ушу тапта эртеңкиси тууралуу ойлонбогон пенделик өзүмчүлүктүн курмандыгына туш келди.

Токойду калыбына келтирүү аракетинин оң же терс натыйжасы жарым кылымдан кийин билинет. Кыргыз өкмөтүнүн 2025-жылга чейин республика аймагынын 6% жерин токойго айлантуу демилгесинин чын-бышыгы кылым ортосунда ачыкка чыгат.
XS
SM
MD
LG