Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

АКШ аскерлери Фаллужадан чыгаары маалымдалды, бирок Пентагон тастыктаган жок


БАГДАД. АКШ аскерлери кечээ Фаллужадагы козголоңчуларга каршы абадан сокку урууну улантты. Ал эми Ирактагы АКШ аскер өкүлү, подполковник Бреннан Бирндин АКШ куралдуу күчтөрүнүн Фаллужадан чыгаары тууралуу маалыматын Пентагон тастыктаган жок. Подполковник Бирн аскерлерди шаардан чыгарып кетүү тууралуу “Фаллужаны коргоо армиясы” менен болжолдуу макулдашылганын билдирген. Бирок Пентагон өкүлүнүн айтымында, “Фаллужаны коргоо армиясынын” курамында кимдер бар, алардын суннит козголоңчуларынын ичинде кандай - белгисиз. Кечээ Иракта америкалык 10 аскер, ирактык 7 полиция кызматчысы жана карапайым эл өкүлдөрү набыт болушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG