Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

ЖАПАН ӨКМӨТҮ КАРЫЗДЫ ЖОЮУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ, БИРОК МАСЕЛЕ ВАШИНГТОНДО ЧЕЧИЛЕТ


Бекташ Шамшиев, Прага Президент А.Акаевдин Жапанияга ырасмий сапары маалында Кыргызстандын тышкы карыздарын төлөп берүү маселеси да талкууланды. Кыргызстандын карызын төлөөнү Париж клубу аркылуу артка жылдыруу боюнча маселеде ырасмий Бишкекке Жапан өкмөтү колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Ошону менен бирге Жапан премьер-министри маселе Париж клубуна мүчө өлкөлөрдүн тийиштүү структуралары тарабынан кылдат иштелип чыгышы керектигин эскертти.

2 миллиард долларга бираз жете бербеген Кыргызстандын тышкы карыздарынын 11% жакынын Жапан өкмөтү берген. Токиодогу сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын тышкы карызын төлөп берүүнү Париж клубу аркылуу артка жылдыруу маселесине олуттуу маани берилишинин себеп-жөнү бар. Азырынча Кыргызстандын төлөп берүү мөөнөтү келип калган тышкы карыздарын кайтарууга чама-чаркы жетпей жатат.

Париж клубуна мүчө мамлекеттерге карызды төлөп берүүнү кийинкиге жылдырууну Жапан өкмөтүнүн өнөктөштөрү макул таап, алардын тийиштүү структуралары бул маселени ийине жеткире иштеп чыгып, бир сөзгө келишкенден кийин гана макулдук бермекчи, деп билдирди Кыргызстандын каржы министрлигинин пресс-кызматынын жетекчиси Ольга Волосатых.

- Париж клубунун ири кредит берүүчүсү Жапан өкмөтү Кыргызстанга колдон келген көмөгүн көрсөтө тургандыгын билдирди. Бирок да Д.Коидзуми бул ишти жүзөгө ашырыш үчүн Париж клубуна мүчө өлкөлөрдүн тийиштүү структуралары маселени кылдат иштеп чыгышы керек экенин айтты,- деп маалымдады Ольга Волосатых.

Кыргызстан Париж клубуна карызын төлөп берүүнү кийинкиге жылдыруу маселесин көптөн бери клубга мүчө өлкөлөрдүн алдына коюп келатат. Эларалык каржы уюмдарынын өктөм талабын аткарыш максатында Кыргызстан он жылга эсептелген комплекстүү өнүгүү негиздери программасын иштеп чыккан. Жакырчылыкты азайтуу, туруктуу экономикалык өнүгүш милдетин алдыга койгон изги тилек, илгери үмүт программанын негизинде Эларалык валюта кору менен үч жылга эсептелген меморандумга кол коюлуп, анын жыйынтыгы ушул жылдын аягында чыгарылмакчы.

Президент А.Акаевдин сапары учурунда Жапан өкмөтү азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүүнү көздөгөн көмөктөшүү грантын Кыргызстандын өтүнүчү боюнча бөлүп беришке даяр экенин билдирди.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын бюджет, бажы, салык маселелери боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ырасташынча, тышкы жардамсыз, кредит албай жашаган бир да өлкө жок. Кыргызстан сырттан алган кредиттин кыйласын бюджетти толтурууга, улуттук акчанын кунун кетирбей кармап турууга жумшап келатат.

- Эгерде Эларалык валюта корунун үч жылдык программасы бүтсө 450 миллион долларды кечип алганга мүмкүнчүлүк болот. Андан ары да 40–50 жылга жылдырып коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт,- дейт Акылбек Жапаров.

Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев бюджет тартыштыгын сырттан келчү карыздардын эсебинен жаап келатканын мындайча түшүндүрөт:

- 2006-жылы биз таңкыстыкты 3% түшүрүүнү алдыбызга максат кылып койгонбуз. Дефицит аз болсо маселебиз тез чечилет,-- деп айтты Болот Абилдаев.

Министрдин ырасташынча, Париж клубуна карызды кантип төлөө маселеси макулдашылган:

- Дефицитибиз өз ордунда болсо, алган милдеттемелерибизди аткарып берсек. Париждеги бейформал клубга мүчөлөрдүн бүт баары кол коюп берген кагазыбыз бар. Мен өзүм 19 мамлекетке барып келдим. Ар бир өлкөдөгү каржы министри менен кезигишип, мурдагы протоколго кошумча макулдашууга кол койдук. Биз жактан баары эле дайын. Эми үчүнчү жылдын параметрлерин аткарышыбыз керек. Ал сентябрда бүтөт. Октябрда Эларалык валюта корунун 25тей кишиден турган миссиясы келет. Алар биздин отчетубузду бүт текшеришет. Туура же туура эмес жасаганыбызды көрүшөт. Алардын отчетун Вашингтондо Эларалык валюта корунун аткаруу комитетинин мүчөлөрү карайт. Аткаруу комитети Кыргызстан алган милдеттемелерин толук аткарыптыр деп Парижге кат жөнөтөт.

XS
SM
MD
LG