Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

КЫРГЫЗСТАНДА АКШнын ДАГЫ БИР ИНСТИТУТУНУН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ ИШТЕЙ БАШТАДЫ


Кыргызстанда АКШнын бир катар уюмдары иш жүргүзөт. Алардын арасында Улуттук демократиялык институт 7 жылдан бери өлкөдө иштеп келатат. Ал эми ушул аптадан тартып эл аралык республикалык институттун өкүлчүлүгү өз ишмердүүлүгүн баштады.

Эл аралык республикалык институттун Бишкектеги өкүлү Жеф Лилинин билдирүүсүнө караганда, алардын уюму Кыргызстанда жалаң гана саясий партиялар менен иш жүргүзөт. Тактап айтканда, партия өкүлдөрүнө партиялык иштерди уюштуруу жана жүргүзүүнү үйрөтүшөт, окутушат. Институттун ишинин башталышы тууралуу Жеф Лили буларды кабарлады:

- Ооба, биз иштей баштадык. Биз саясий партияларга жардам беребиз. Бул - биздин миссиябыз жана максатыбыз. Биз мурдагы СССРдин жети өлкөсүндө, ал эми дүйнөнүн 25 мамлекетинде иштеп жатабыз. Кыргызстанда саясий партиялар менен гана иштейбиз. Кечээ жакында алгачкы семинарды өткөрдүк.

Анын айтымында, Кыргызстандагы саясий партиялар иштерин күчөтүүсү зарыл.

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиевдин айтымында, Эл аралык республикалык институттун жаңы ачылган өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы саясий партияларга пайдасы тийет:

- Мен оюмча, республикалык институттун өкүлчүлүгүнүн ачылганы саясий партиялардын өнүгүшү, бутка турушу үчүн саясий турмушка көбүрөөк аралышуусуна оң таасирин тийгизет. Анткени өкүлчүлүк буга өбөлгө түзө турган эки-үч программа түзүп жатат.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан саясий партиялардын өнүгүшүнө жардам берилбей, ал эми оппозициялык партияларга тескерисинче, тоскоолдуктар жасалып жаткан чакта мындай уюмдардын кол кабыш кылуу аракети колдоого аларлык. «Өлкөнүн саясий партиялары партиялык маалымат борборун түзүүгө каржылык жардам көрсөтүүнү республикалык институттун өкүлчүлүгүнө сунуштады жана ал колдоо табууда», деп белгиледи Муратбек Иманалиев.

Эл аралык республикалык институттун өкүлчүлүгүнүн ачылышынан АКШнын өз кызыкчылыгын коргоо саясатын көрүп жаткан саясатчылар да бар. Маселен, "Асаба" партиясынын лидери Азимбек Бекназаров ушундай пикирде:

- Мен ойлойм, бул - Американын саясаты. Ал өз таасирин биздин аймакка толук тийгизүү максатында күчтөрүн жумшап жатат. Өкүлчүлүктүн ачылышы анын бир көрүнүшү. АКШ бул институтут аркылуу өзүнө жакын күчтөрдү бийликке алып келүүгө аракет жасайт.

Кыргызстанда кырктан ашуун саясий партия бар. Эксперттердин пикиринде, партиялык тизме шайлоо тартибинин Конституцияга киргизилбеши саясий партиялардын өнүгүшүнө олуттуу тосмо койду. Ал эми парламенттин кароосуна берилген «Саясий партиялар жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорунда партиялардын облусттук өкүлчүлүктөрү юстиция министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрүндө каттоодон өтүү керек деген жобо киргизилип жатышы, Муратбек Иманалиевдин пикиринде, антидемократиялык жобо жана ал саясий партияларга экинчи бир сокку болуп калмакчы. Республикалык институт тарабынан өткөрүлгөн алгачкы семинарда дал ушул маселе да талкууланып, бир катар саясий партиялар бул мыйзам долбоорун четке кагуу сунушу менен парламентке чыгууну көздөшүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG