Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:33

ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУКТУ КАНТИП ТОКТОТСО БОЛОТ?


Үй-бүлөдөгү зомбулуктан көп учурда аялдар жабыркашаары тууралуу коомчулукта көп эле сөздөр айтылат. Айрым эксперттердин пикиринде, өзгөчө элет жериндеги кыз-келиндерге кыйын.

Мухамед пайгамбардын хадисинде «Бейиш энелердин таман алдында», «Атаң менен энең бир мезгилде чакырса, алгач энеңе жооп бер» деп жазылган. Бул аял затын сыйла дегенди билдирсе керек. Бирок аял заты эркектер тарабынан көп зордук-зомбулукка дуушар болушары тууралуу көп айтылып келатат.

Айрым эксперттердин айтымында, шаарда жашаган аялдарга караганда, элет жериндеги кыз-келиндер үй-бүлөдөгү зомбулукка көп тушугушат. Айыл жеринде элдин баары бири-бирин таанышат. Элден уялган келин күйөөсүнөн токмок жегени тууралуу тийешелүү органдарга кайрыла албайт. Атүгүл айылдык кыз-келиндер үчүн күйөөсүнүн үстүнөн милицияга же башка укук коргоочу уюмдарга кайрылуу ойго келбес иш. Жолдошунун уруп-сабоосуна көп туш болгон Эркинай мындай дейт:

- Милицияга кантип кайрылам? Эртең эле артыман сөз кылышпайбы? Балдарым үчүн кайра барып жашайм да баары бир. Милицияга кайрылуу жөнүндө таяк жеген келиндердин ойлогонго да акысы жок го, менимче. Болбосо айылда күйөөсүнөн таяк жеген келиндер толтура. Бул тууралуу эч кимиси сөз кылбайт. Арманыбызды бири-бирибизге айтып тим болобуз, - дейт Эркинай.

Башкалардай эле ал дагы күйөөсүнөн токмок жегенин көп учурда жашырат. Анткени аны ачыкка чыгаргандан пайда деле жок деп эсептейт:

- Башында жашырчумун, кийин чыдабай кайын энеме айттым. Баласынын мүнөзүн деле билишет, бирок ошентсе да «эрлүү катын таяк жейт, сен тилиңди тый, унчукпасаң эле кутуласың» деп койду. Төркүнүмө ыйлап барсам, апам байкуш чырылдаганы менен, атамдын сөзү деле ошол - «эрлүү катын таяк жейт». Күйөөм болсо атайын денемин көрүнбөй турган жерлерине - башыма, белиме, бөйрөгүмө тепкилеп сабайт. Кээде 1-2 күн жатып, кайра туруп кетем. Ошентип эле жашап жүрөм, эмне кылам анан,
- деди Эркинай.

Бирок минтип унчукпоонун аягы көп учурда өлүм менен аяктап жаткандыгы өкүнүчтүү дешет эксперттер. Бул маселе тууралуу аялдардын «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мындай дейт:

- Чыдамкайлыктын дагы, унчукпай коюунун дагы чеги болот. Биздин борборго "ишеним телефону" аркылуу кайрылганда, кеңеш алганы келгенде келиндер: «Элдин сөзүнөн уялам, балдарым эмне болот» деген сөздөрдү көп айтышат. Биз деле ажырашууга каршыбыз, бирок адам өмүрү баарынан улук да, - деди Бүбүсара Рыскулова.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG