Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Казак министри: Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү кыйынчылык менен коштолууда


БИШКЕК. Учурда Борбор Азия өлкөлөрүндө өз ара интеграция иш чарасы бир катар кыйынчылыктар менен коштолууда. Ал эми өз ара жакындашууга аймактагы өлкөлөрдүн мыйзамдарынын ар түрдүүлүгү олутту тоскоол болууда. Бул тууралуу 30-апрелде Астанада өткөн жыйында Казакстандын Тышкы иштер министри Касымжомарт Токаев билдиргендигин ишемби күнү Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Касымжомарт Токаев ошондой эле Кыргызстан менен кызматташууда да өз ара экономикалык кызыкчылыктар дал келбегендигине байланыштуу тоскоолдуктар бар экендигине токтолгон. Токаевдин айтымында, соңку жылдары Казакстан жол каттамын жеңилдетип, Кыргызстанга бир катар жеңилдиктерди берсе да кыргыз бийлиги казак тараптын бир катар талаптарын эмдигиче аткарбай келет.

XS
SM
MD
LG