Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Бишкекте майрамга карата чуркоо өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин «Алатоо» аянтында жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлчү чуркоо болду. 13-ирет өткөрүлүп жаткан чуркоого эмгекчилердин эларалык тилектештигинин күнүнө, ошондой эле социалдык мобилизация жана акыйкат башкаруу жылына арналды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, жогорку окуу жайларынын мугалимдери менен студенттери, борбор калаадагы спорт жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты. Жалпысынан чуркоого 6 миңге жакын адам катышты. Анын жеңүүчүлөрүнө Бишкек мэриясы тарабынан даярдалган баалуу белектер тапшырылды.

XS
SM
MD
LG