Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

АЙЫЛДАГЫЛАРДЫН КӨБҮ АЛЫСКА ИШ ИЗДЕП КЕТИП ЖАТЫШАТ


Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу - мамлекеттик саясаттын орчундуу багыттарынын бири. Расмий маалыматка ынансак, жалпы республика калкынын 40% ашууну жакыр жашайт. Бул көрсөткүч айыл жеринде 70% жакын. Экономикалык оорчулуктун айынан элет калкынын ишке жарамдуу бөлүгүнүн көбү шаарларга жумуш издеп кетишүүдө. Алардын кыйласы Орусия, Казакстанда соода-сатык кылып, кара жумушта жүрүшөт.

Кийинки жылдары Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу проблемасы олуттуу мамлекеттик саясатка айланды. Бул маселе ырасмий жыйындардын дээрлик баарында козголот.

Эларалык валюта корунун көмөгү менен жакырчылыкты азайтуу боюнча 10 жылга эсептелген атайын программа кабыл алынган. Анткен менен жакырчылык айыл жерин көбүрөөк айланчыктап, экономикалык жандануунун белгиси элетте ачык көрүнбөй жатат.

Президенттик акимчиликтин экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Кубат Каныметовдун ырасташынча айылды алга жылдыруу үчүн аны маалымат менен камсыз кылуу зарыл.

- Жакырчылык айылда 70% жетип барат. Шаарда бул көрсөткүч 31,5% тегерегинде. Булардын ичинен итке минген кедейлер 11,7% түзөт, шаарда болсо болгону 5% гана. Айыл элинин алдагыдай абалы бир катар жагдайлар менен шартталган. Бул ириде айылдын шаардан алыстыгы, энергетикалык, медициналык, билим жагынан өксүктүгү менен да шартталган. Булар аз келгенсип, айылдагылардын экономикалык жагынан тез ирденип кетишине күйүүчү-майлоочу майларды, химиялык жер семирткичтерди, ветеринардык дары-дармектерди сатып алуунун кыйынчылыгы кошумча түйшүк жаратууда, -дейт Кубат Каныметов.

Айыл жерин азыркы цивилизация жетишкендиктерине кошуу үчүн аны менен байланышты жолго коюу зарыл. Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлигинин эсеби боюнча республикадагы айыл кыштактарды толук телефон байланышы менен камсыз кылуу үчүн 50 миллион доллар акча сарп кылынат. Айылды маалымат мейкиндигине чыгарууга 23 миллион доллар керектелет. Ушу азыр эле Кыргызстандын 200дөн ашуун айылы республикалык улуттук телеканалдын берүүлөрүн кабыл ала албайт. Мезгилдүү басылмалардын көбү айыл жерине жетпейт. Интернет байланышы Кыргызстандын көпчүлүк айылдары үчүн ойго келбес жаңылык.

Президент А.Акаев айылды көтөрүү мамлекеттин кубатын арттыруу деп түшүнөт:

- Айылдыктарды жеринде калтыруу үчүн биз аларга жерди жеке менчикке бергенбиз. Айылдыктарды ордунда калтыруу үчүн жер реформасын жүргүздүк, кредит союздарын түздүк, -деп айтты президент А.Акаев.

Анткен менен өкмөттүн айылды алдыга жылдыруу аракети азырынча жакшы натыйжасын бере элек. Кыргыз өкмөтү чет жерде соода-сатык кылып, кара жумуш иштеп, азыноолок акча топтогон элеттиктер жерине келип, оор жагдайды оңуна жылдырат деген үмүттө.

- Алардын катталган жери айыл, бир кезде айылга келишет. Шаарда деле кыйласы калат. Бирок да алардын көпчүлүгүн айылда калтыруу үчүн аракет жасашыбыз керек. Дегеле биздин негизги максатыбыз айыл, айылды көтөрүү. Биз башында экономикалык максаттарды койгонбуз, - дейт президент А.Акаев.

Айыл менен шаар айырмасын жоюу, элет турмушун азыркы заман шартына ыңгайлаштыруу аракети социализм тушунда деле жасалган. Айыл жөнжай турмуш-тиричилик жагынан кедеринен кетүүдө. Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылынын тургуну Айсалкын Маматовага сөз берели:

- Суу жок. Көчкүдөн жабыр тартып келгенибизге 10 жыл болду. Келгенден кийин бир жыл гана крандан суу ичтик. Калганын арыктагы чалчык сууну ичебиз. Таңга маал саат беште туруп алсак алабыз, болбосо азот кошулган суу ичебиз. Суу башында өрдөк сүзүп жүрөт.
XS
SM
MD
LG