Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражат кыскарууда


БИШКЕК. Кыргызстанда жылдан жылга республикалык бюджеттен өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн акчанын өлчөмү кыскарууда. Саламаттыкты сактоо министилигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 1995-жылы Саламаттыкты сактоого тармагына өлкөнүн ички дүң жыйымынын төрт пайызы бөлүнсө, 2003-жылы бул тармакты каржылоого бөлүнгөн каражат ички дүң жыйымдын 2% гана түзгөн. Анын ичинде 2003-жылы Чүй обласына 163 миллион сом, Ысыккөлгө 84, Нарынга 68, Таласка 49, Жалалабадга 170, Баткенге 78, Ошко обласына 253 жана Бишкекке 201 милион сом бөлүнгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG