Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:39

Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда бир катар урунтту окуялар болду. Алсак, Алай районунун Будалык айылында көчкү жүрүп, 33 адам каза тапты. Америкалык финансист, соопкер Жорж Сорос Кыргызстанга келип-кетти. Ал 27-апрелде Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, «Аскар Акаев мырза келээрки президенттик шайлоого катышпайт деп ойлойм» деген пикирин айтты. Курамына бир нече саясий партия кирген «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа кыймылы» 30-апрелде мамлекет башчына кайрылуу жолдоп, президенттен «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловду бошотууну суранышты.

Дүйшөмбү – 26-апрель күнү Алай районунун Будалык айылында көчкү жүрүп, 11 үйдү басып калды. Куткаруу иштеринен майнап чыккан жок – 33 адамдын өмүрү кыйылды. Кырсык болгон жерге барып-кайткан депутат Исмаил Исаковдун айтымында, будалыктыктарды сактап калууга мүмкүнчүлүктөр бар эле. Ошондон улам Исаков Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин кылдат текшерүү керек деген сын пикирин айтып чыкты.

- Жаз келгенде эле министрлик өзүнүн адистерин кырсык болуучу аймактарга отургузуш керек эле. Эл өзү да чочулап, суранышкан экен. Ошого карабай ушундайга жол берилип, шалаакалык кылууну биз өтө оор кылмыш деп эсептейбиз, - деди Алай аймагынан шайланган депутат Исмаил Исаков.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин башчысы Анаркул Айталиевдин пикирине караганда, Будалык айылы көчкү коркунучу бар айылдардын тизмесине киргизилип, жергиликтүү аткаруу бийлигине элди тез арада көчүрүү сунушталган:

Кыргызстанга азыр табигый кырсыктын үч түрү: жер көчкү, сел жана жер астынан көтөрүлгөн суулар коркунуч келтирип атат. Ушундан улам 1 947 үй-бүлөнү тезинен башка жерге көчүрүү керек.

Шейшемби – 27-апрелде Америкалык финансист, соопкер Жорж Сорос Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында маалымат жыйынын өткөрдү.

- Мен Аскар Акаев мырза келээрки президенттик шайлоого катышпайт деп ойлойм, - деди Жорж Сорос.

Анын айтымында, Акаевдин мындай кадамы өмүр бою президенттик орунду бошоткусу келбеген адамдар башкарып турган Борбор Азия аймагы үчүн жакшы үлгү болот. Жорж Сорос 26-апрелде президент Аскар Акаев менен жолугушкан учурда 2005-жылы боло турган шайлоо, массалык маалымат каражаттарынын абалы, анын ичинде «Пирамиде», «ОшТВ» телеканалдарынын айланасындагы жагдай жана Борбор Азиядагы Америка университетиндеги чатак тууралуу пикир алышкан. Президент Акаев «Пирамида» телеканалы өз көрсөтүүлөрүн техникалык себептерден улам метрдик каналдан бере албай калды деп түшүндүргөн.

Ушул эле 27-апрель күнү кечке маал «Пирамида» өзүнө таандык метрдик диапазондо чыга баштады. Каналдын башкы директору Андрей Цветковдун айтымында, бийлик өкүлдөрү коомчулуктун таасиринен кийин, балким Жорж Соростун президент Акаев менен бул маселе тууралуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында «Пирамидага» кайра чыгууга мүмкүндүк берди.

Шаршемби – 28-апрелде Бишкекте «Инвестицияларды тартуу боюнча ЮНИДОнун программалары» аттуу «тегерек стол» жыйыны өттү. Анда чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн атайын агенттикти түзүү жана аны каржылоонун жолдору талкууланды. Экономикалык өнүгүү министрининин милдетин аткаруучу Амангелди Муралиев жыйында чет өлкөдөн инвестиция тартуу функциясы өзү жетектеген министрликке берилген менен, ал кеңеш берүүчү укукка гана ээ экендигин белгиледи. Вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевдин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанга 146 миллион доллар көлөмүндөгү инвестиция тартылган жана келечекте тышкы түз инвестициянын жылдык көлөмүн 300 миллион долларга жеткирүү милдети турат.

Бейшемби – 29-апрелде Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинде банк тарабынан Кыргызстанга 7 млн. долларын бөлүү жөнүндөгү протоколго кол коюлду. Каражаттын негизги бөлүгү Майлысуу шаарындагы уран калдыктары көмүлгөн жайларды зыянсыздандырууга жана өлкөдөгү табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштерине жумшалат.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кыргыз жана орус тилинде чыккан китепчесинин бет ачары болду. Депутат Жангороз Каниметов мыйзам башка тилдердин өнүгүшүнө эч кандай жолто болбойт деген пикирин билдирди:

- Бул мыйзам башка улут өкүлдөрүнүн укугуна эч кандай чек койбойт, тушоо салбайт.

Ал эми «Кыргыз тили» кыймылынын лидери Чолпонбек Абыкеев мыйзам кабыл алынып, президент ага кол койгонуна карабай анын иштегени сезилбей жатканын айтты:

Бүгүнкү күнгө чейин мыйзамдын ишке кирип, турмушта пайдаланыла баштаганы тууралуу эч кандай туюмду туя элекмин мен .

Жума – 30-апрелде курамына бир нече саясий партия кирген «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа кыймылы» мамлекет башчына кайрылуу жолдоду. Кайрылууну жазгандар президенттен «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан жетекчиси Феликс Куловду бошотууну суранышты. Катта Феликс Куловдун өлкөнүн суверенитетинин чыңдалышына кошкон салымы белгиленип, Конституцияга ылайык президенттин камактагыларга мунапыс берүү укугу бар экендиги көрсөтүлгөн.

Ишемби – 1-майда Кыргызстанда эмгекчилердин эларалык майрамы белгиленди. Бишкектеги Лениндин эстелигинин алдында бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү митинг өткөрүштү. Ага «Коммунистер», «Жаңы Кыргызстан», «Атамекен» партияларынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Чогулган элдин алдына Коммунистер партиясынын жетекчилери Абсамат Масалиев, Клара Ажыбекова чыгып сөз сүйлөштү.

Сүрөттө: 26-апрелде Будалыкта болгон жер көчкүнүн кесепети.
XS
SM
MD
LG