Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН 2 МЛН. ТУРГУНУ ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ ИШТЕШЕТ


Сапар Орозбаков, Прага 30-апрелде Дүйшөмбү шаарында эмгек миграциясы боюнча эларалык конференция өз ишин аяктады. Жыйындын Тажикстандын борборунда өткөрүлүп жатышы бекер эмес. Маалыматтарга караганда, өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын ондон бири чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Борбор Азиянын 3 өлкөсүнүн - Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын баардыгы болуп 2 млн. атуулдары чет өлкөлөрдө иштешет.

Дүйшөмбү шаарында өткөн эмгек миграциясы боюнча эл аралык конференцияга Мексика, Филиппин өңдүү алыскы өлкөлөрдөн да коноктор келишти. Бирок конференциянын мааниси Борбор Азия өлкөлөрү үчүн зор. Анткени маалыматтарга караганда, Борбор Азиянын чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшкөн адамдарынын саны 2 миллионго жетет.

Конференцияны Тажикстандагы Аялдар укугунун лигасы менен Ачык коом институнун алдындагы жардам берүү фонду бирге өткөрүштү. Аталган фонддун директору Халимова конференциянын максатын мындайча түшүндүрдү:

- Максаттар жакшы. Биз бүткүл дүйнө жүзү боюнча миграция жаатында көп иш жасап жаткандарды чогулталы дегенбиз. Ошондуктан конференция эл аралык мүнөзгө ээ. Келген адамдар эмгек миграциясы боюнча ойлорун ортого салышты. Конференцияда эмне кылуу керек, кандай тажрыйбалар бар, аларды Борбор Азия өлкөлөрүнө, мурдагы Советтер союзунун мейкиндигинде кантип пайдаланса болот деген суроолор талкууланды. Анда маалымат гана эмес, тажрыйба алмашуу да болду, - деди Халимова.

Советтер союзунда эмгек миграциясы деген маселе деги эле болгон эмес. Калкты иш менен камсыз кылуу маселесин мамлекет өз мойнуна алып, ал бир дагы адамдын жумушсуз калышына жол берчү эмес. Советтер союзу урагандан кийин анын ордуна пайда болгон көп өлкөлөрдө өндүрүш токтоп, калктын бир бөлүгү жумушсуз калды. Алар кара курсактын айынан чет өлкөлөргө жумуш издеп барууга аргасыз.

Алар Орусияда, Казакстанда, атүгүл алыскы чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Айрым маалыматтар боюнча Тажикстандан 600 миң адам, Кыргызстандан 500 миң адам жана Өзбекстандан 700 миң адам чет өлкөлөрдө иштешет. Ошол эле маалыматтарга таянсак, Тажикстандын чет өлкөлөрдө жүргөн адамдары өлкөгө жылына ички дүң продуктынын үчтөн бирине тете акча алып келип турушат экен. Айрым аналитиктер чет өлкөлөрдө иштегендердин өлкөгө киргизген салымы андан да чоң – ал ички дүң продуктынын жарымына жетет дешет. Кыргызстанда да чет өлкөлөрдө иштеген адамдардын өлкөгө которгон акчасы бюжеттен да, чет өлкөдөн келген жардамдан да көп деген маалымат бар.

Чет өлкөлөрдө жүргөн тажиктер менен кыргыздардын көпчүлүгү Орусияда иштешет. Алар бул өлкөнүн миграция жөнүндө мыйзамдары алар үчүн катаал экендигин айтышат. Орусиянын Борбор Азия борборунун директору Виктор Увиков бул маселе мурда чыны менен эле болгондугун, ал азыр чечилгендигин айтат:

-Азыр мурдагыдагыдай чыңалуу жок. Орусиянын мыйзамдары дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирилди, – дейт Виктор Увиков.

Конференцияда эмгек миграциясын кабыл алып жаткан өлкөлөрдүн мыйзамдары дагы эле татаал болуп, кагаз толтурганга көп убакыт кетээри, мигранттар андан качып документсиз барып жатканы айтылды.
XS
SM
MD
LG