Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

БАЛБАЙ БААТЫР БАЯНЫ


Султан Абдрахманов, Бишкек Он тогузунчу кылымдагы кыргыздын мыкты чыкма уулдарынын бири Балбай баатыр Эшкожо уулу болгондугу белгилүү.

Ысык Көлдүн көкүрөгүндө болжол менен 1797-жылдары жарык дүйнөгө келген Балбай Эшкожо уулу бала күнүнөн балбан билек, жаалдуу, чыйрак болгон. Ал көкөйгө тийген ууру кески, талап-тономойлоруна сес көрсөткөн дымагы менен жаш кезинен баатыр атагын алып, өмүр аягына чейин ошол бийиктигинен төмөн түшкөн эмес. Ошондон улам Балбайдын артында аңыз болгон эрдиктери калган.

Өзгөчө, касиеттүү көлдүн кооздугуна сук арткан казак, кытай, орус, кокон бийликтеринин басып алуучулук саясатына каршы журттун тутка кылаар уулдарынын катарында туруп, Көл көкүрөгүндөгү Бугу уруусунун камчы чабарларынын башчысы болгон.

Анын намыс талашкан учурлары он тогузунчу кылымдын баш ченинен 1867-жылдарга, тагыраак айтканда, душман колдуу болуп казасы жеткенге чейин уланган. Баатырдын тарыхый-санжыралык маалыматын иликтеп, китеп жазган жазуучу Эрнис Турсунов кеп салсын:

- Балбайдын атасы Эшкожо мергенчи болгон. Эшкожонун атасы Абайдылда баатыр деген болгон. Ал чоң атасы Эсенгул менен замандаш, үзөнгүлөш жүргөн киши. 105 жашында каза тапты деген кабар бар. Абайдылда - Балбайдын чоң атасы. Балбайдын андан кийин Токой баатыр атасы, андан кийин Белек баатыр, түпкү атасы Дөөлөс менен Орозбакта Кылжырдын балдары. Тогуз атадан бери карай тарап кетет. Мунун түпкү теги, чыккан жери Ормондукундай Чынжырлуу манап деп коёт, ошонун тектүү жерден деп айтылат. Эл коргогон, эл үчүн күйгөн үчүн бул баатыр деген аты калып калган, - дейт «Балбай баатыр» китебинин автору Эрнис Турсунов.

Тарых каттамында калган маалыматтардын кайсы биринде Балбай баатыр орус оторчуларынын бийлиги көл айланасын колуна алгандан кийин, сес көрсөтүүдөн майнап чыкпасын билип Текес тарапка журт которгон дейт. Балбайдын баатырдык аракеттери тууралуу Эрнис Турсунов мындай дейт:

- 16 жашында казактар кол салат. Казактардын Сокбакбай деген, Ыртыштан келген чоң каракчылар болгон. Ошолордун 15 жигити 3 миң чамалуу жылкыны айдап бараткан жерден 25 жигит жолду тосуп, Эген суусунун жээгинде капчыгайдын оозун бууп, келаткан жылкыларды алып калган. Артта кыргыздар бар да. Ошол жерде чоң чабыш болуп, Сокбакбайдын иниси Капкабай деген аркы өйүздөн сууга кирет. Берки өйүздөн Балбай кирип, суунун ичинде кармашып, Балбай желкеге сол колу менен урган экен. Урганда шар сууда агып кеткен экен. Андан кийин Ормон менен дене салгы беттешкен учурда, жар чакырганда Ормондор, эр Жантөрөнүн, Агыбай баатырдын, Абылмейиз баатырдын айрым дөңгүттөрү менен беттешкен экен Балбай. Орустар келгенде чет менен кошо чиркөө салышкан дайыма. Ысыккөлдө Манасты деген жер бар. Ошол жерге 200 чамалуу кыргызды орустар чокундурганга аракет кылышкан. Балбай ошону уккандан кийин атчан жигиттер менен барып, аттын үстүнөн карабараң менен аткан экен. Иконго тийип огу, поп алтарга кире качыптыр. Ошондон өрттөп жиберишкен. Бала чагынан тайга минип өскөн, атка мыктылыгынан жоокердик майдандарда ар кандай амалы болгон ат үстүндө. Ошон үчүн бул жеңишке көп ээ болгон.

Ошол мезгилдеги оомал-төкмөл замандын курмандыгы болгон Балбай баатырды орус оторчулары теске көнбөгөн өжөрдүгү, көйкашка аракеттери үчүн жазалап мерт кылган. Сөөгү Ысыккөл обласынын Түп районундагы азыркы Балбай айылына коюлган.
XS
SM
MD
LG