ЭР-РИЯД. Кошмо Штаттар бүгүн өз дипломаттарынын Сауд Аравиясынын аймагында ары-бери каттоосун чектеди. Мындай коопсуздук чаралары Кызыл деңиздин боюндагы Янбу шаарындагы аткылоодон кийин көрүлдү. Куралчан топтун ок чыгарышынан ишемби күнү эки америкалык, эки британиялык жана бир австралиялык атуул набыт болушкан. Ал эми Сауд Аравиясынын ханзадасы Абдулла бул өлкөдөгү терроризмди четтетүү үчүн чечкиндүү кадам жасаларын билдирди.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Бурулкан Сарыгулова, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Бурулкан Сарыгулова, Прага