Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Ооган радикалдары шайлоону колдоорун билдиришти


КАБУЛ. Ооганстандын радикалдык Хезб ай-ислами фракциясынын өкүлдөрү президент Хамид Карзай менен жолугушуп, алар сентябрда өтө турган шайлоону колдой тургандыгын билдиришти. Жолугушуунун соңунда маалымат берген Хезб-ай-ислами уюмунун жетекчиси Халид Фаруки уюм зомбулуктуу жактабасын белгиледи:

- Биз терроризмдин бардык түрүн жактабайбыз жана аны жок кылууну каалайбыз.

Фаруки ошондой эле Хезб мурдагы өнөктөшү Галбаддин Хекматьярдан кол үзгөнүн кабарлады. Вашингтон өткөн жылы Хекматьярды террорчулардын тизмесине кошкон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG