Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Польшанын өкмөтү алмашты


ВАРШАВА. Мурдагы каржы министри Марек Белка Польшанын премьер министри болуп дайындалды. Президент Александр Квасьневский ага жаңы өкмөт курамын түзүүнү тапшырды. Өкмөт алмаштыруу Польша Европа Биримдигине кошулгандын эртеси болду. Анткени, мурдагы премьер министр Лешек Миллер кызматтан ушул күнү кетүүнү убада кылган. Мурдагы өкмөттүн кетишине солчул демократтар арасында бөлүнүү себеп болду. Бирок, Белка мурдагы өкмөттүн курамындагы коргоо, тышкы иштер жана экономика министрлери менен кызматташтык уланарын белгиледи. Бул ириде Иракта кырдаалдын турукташа электиги менен байланыштырылды.

XS
SM
MD
LG