Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Иракта америкалык 11 аскер набыт болду


БАГДАД. Иракта кечээ америкалык 11 аскер набыт болду. Алардын алтоо Ал-Анбар аймагындагы америкалык аскерий базаны аткылоо учурунда, бешөө Багдадда ар кыл жагдайда өлтүрүлгөн.
Ал эми АКШ аскер командачысы Ричард Майерс бүгүн Вашингтондо Ирак туткундарын мазактоо системага айланган көрүнүш эмес, бир гана окуя экенин белгиледи. Эки күн мурда ирактык туткундарды АКШ аскерлери мазактагандыгы тууралуу маалымат тараган. Муну эл аралык Amnesty International уюму Ирактагы зомбулуктун бир көрүнүшү катары баалаган.

XS
SM
MD
LG