Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

КУЛАТУУ КҮРӨШҮ


Кулатуу күрөшү негизделгенине 14 жыл болду. 1-2 майда Бишкекте цирктин имаратында Кыргызстандын 13-чемпионаты өткөрүлдү.Быйыл жалпы командалык биринчилик Кыргыз дене тарбия институтуна ыйгарылды.

Кулатуу-кыргыз элинин күрөш,кармаш оюну. Кулатуу күрөшүнүн башка чыгыш оюндары сыяктуу эле өз эрежелери,ыкмалары бар. Бул күрөштүн максаты-кыргыз жаштарын күрөштүн ушул түрүнө үйрөтүү менен, алардын ден соолугун ички рухий дүйнөсүн,адамкерчилигинин таза болушуна жетишүү. Кулатуу Кыргызстандагы эң жаш спорт түрү катары 14 жылдан бери гана өнүгүүдө. Бул спорт кыргыз элинин жашоо шартына,адеп-ахлагына, өзгөчөлүгүнө жараша иштелип чыккан. Кулатуу күрөшүнүн негиздөөчүсү-физика-математика илимдеринин кандидаты, фехтования боюнча СССР спорт чебери, каратэ-до боюнча кара кур ээси Темир Турусбеков. Кыргыз жергесинин бардык аймактарындагы спорт мектептеринде кулатуу секциялары иштеп жатат. Ар жыл сайын областтарда мыктыларды иргеп алуучу мелдештер өткөрүлүп турат.

Кулатуу федерациясынын президенти,Кыргызсанга эмгек сиңирген машыктыруучу Темир Турусбеков өзү негиздеген спорт түрү жөнүндө мындай дейт:

- Кулатуу-эл аралык аренага да тааныла баштады.Казакстанда Өзбекстанда жана Тажикстанда кулатуу секциялары иштеп жатат. Астанада ар жыл сайын өткөрүлүп жаткан чыгыш өнөрү фестивалына да кулатуу күрөшүнүн балбандаы катышууда. Кулатуунун эрежелерине да өзгөртүүлөрдү киргизип толуктап жатабыз.Эң негизги айырмачылыгы сакталып кала берет. Кулатуудагы түртүшүү, жылаан, найза, калтек,калкан, кылыч жана башка ыкмаларына панкратион спорт түрүн да айкалыштырып жатабыз.

Кулатуу боюнча Кыргызстандын 13-чемпионатында Нарын,Ысыккөл жана Чүй областтарынын,Бишкек шаарынын 100гө жакын балбан күч сынашты. Каражат жоктугунан Талас менен Ысыккөл обулусунун командалары келбей калды. Жалпы командалык биринчиликти Кыргыз дене тарбия институтунун командасы ээледи. Экинчи орун-Нарын облусунун,үчүнчү орун-Сокулук районунун балбандарына ыйгарылды. Кыргыз дене тарбия институтунун өкүлдөрү Чолпонбек Иманов, Арзымат Жайлообаев, Нарис Сулайманов жана Руслан Кыдыкбаев өлкөнүн чемпиондук наамын жеңип алды. Ал эми кыздардын таймашында бишкектик Юля Борисова,токмоктук Нургүл Чалышова жана көлдүк Элнар Токтогонова айырмаланды.

Кулатуу федерациясынын вице- президенти Адамалы Осмоналиев кулатуу күрөшүнүн өзгөчөлүктөрү, көйгөйлөрү тууралуу өз оюн мындайча билдирди:

- Чынында кулатуу күрөшүнө анча көңүл бурулбай келүүдө. Кыргыз туризм,спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети жылына бир мелдеш үчүн гана каражат бөлөт.Кулатуу күрөшүнүн эрежелерин,ыкмаларын баяндаган методикалык китеп каражаттын жоктугунан чыкпай турат.Машыктыруучулардын адистигин жогорулатуу боюнча семинар кеңешмелер 2-3 жылдан бери өткөрүлө элек.Эл аралык мелдештерди уюштурууга демөөрчүлөр табылбай улам кийинкиге калтырылып келүүдө.Бул кулатуу – кыргыз күрөшү бир гана Темир Турусбековго керек эмес,улуттук ар-намыс экендигин эстен чыгарбасак.

Кулатуу күрөшү бабалардын мурасы элдик оюндардын негизинде түзүлгөнүн айтуу менен учурда өлкөнүн чек ара кызматкерлери машыгууларды өткөрө баштаганын белгиледи, федерациянын мүчөсү Үрүстөм Кабылбеков:

- Бүгүнкү күндө бул кулатуу баштаган элдик оюндар улуттук идеологиянын өзөгүн түзүүсү зарыл. Бул өнөр- улан- кыздарды эл- жерин коргоого, мекенчил болууга, гармониялуу өсүп- өнүгүүгө гана тарбиялайт. Эми 31- августта Эгемендүүлүк майрамына карата Президенттин кубогун өткөрүп, кулатууну эл аралык аренада тааныталы деп турабыз. Казакстанда, Өзбекстандан жана Тажикстандан дагы эр жигиттерди чакырып жатабыз. Бул кулатуу күрөшү менен жеке эле чек арачылар машыкпастан өлкөнүн күч органдарынын кызматкерлери тааныш болсо, өздөрү үчүн чоң табылга болмок. Муну мектептин окуу программасына киргизүугө да аракет кылуудабыз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG