Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

4-майда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда,
4-майда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12 градус жылуу, күндүз +24…+29 градус ысык.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн +5…+10 градус, күндүз +22…+27 градус жылуу.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН дубандарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13 градустан +18 градуска чейин жылыйт.
НАРЫНДА түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21 градус жылуу.
Борборубуз БИШКЕКТЕ түнкүсүн +10…+12 градус жылуу, күндүз +26…+28 градус ысык болот.

Кабарларды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

XS
SM
MD
LG