Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Каракол шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында жугуштуу оорулар көп


КАРАКОЛ. Каракол шаардык санитардык эпидемиологиялык станциясы тараткан маалыматка караганда, облустун борборундагы айрым мектептерде жугуштуу ичеги карын ооруларынын кескин өскөндүгү байкалган. Маселен, 2116 окуучу энтеробиоз жана аскаридос оорусу менен жабыр тартат. Жугуштуу бул оорунун чыгуусуна мектеп окуучуларынын санитардык гигиеналык эрежелерди так сактабай,мектеп ажатканалары менен жуунучу жайларда тазалыктын жоктугу себеп болууда. Шаардык мэриядан алынган маалымат боюнча, ушул тапта мектеп окуучуларына "Өздүк гигиена жана аны сактоонун эрежелери" деген темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ажатканаларды, жуунучу жайларды иретке келтирүү иштери башталды.

XS
SM
MD
LG