Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Бишкекте ЮНИСЕФтин кеңсеси атайын өкүлчүлүк макамын алат


БИШКЕК. БУУнун балдар фондусунун Кыргызстандагы кеңсеси мындан ары атайын өкүлчүлүк макамына ээ болот. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин КМШ өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Мария Каливис президент Аскар Акаев менен жума аягында жолугушуу маалында билдирди. Кыргызстанда ЮНИСЕФтин жардамы менен «Жаңы муун» аттуу улуттук программа иштелип чыгып, балдардын саламаттыгын сактоо жаатында бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ал эми ЮНИСЕФ фонду өзү Кыргызстанда балдар арасында кызамык оорусуна каршы эмдөө, калкты йоддолгон туз жана ун менен камсыз кылуу жана мектеп менен бала бакчалардын абалын жакшыртуу долбоорлорун ишке ашырды.

XS
SM
MD
LG