Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

Т.Үмөталиева: «Милиционерлер адам укуктарын сактоо нормаларын жакшы билбейт»


БИШКЕК. Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын кенже курамы адам укуктары боюнча эл аралык жана улуттук нормаларды жакшы билбейт. Мындай маалымат бүгүн бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиевадан алынды. Анын маалыматына караганда, муну кыйноолорго, адамдын беделине доо кетирген мамиле жасоого же жазалоого жол бербөө жана анын алдын-алуу боюнча Европа конвенциясы менен таанышууга арналып, өткөн жумада өткөрүлгөн семинар далилдеди. Ага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү чакырылып, адам укуктарын сактоо нормаларын турмушта колдонуу боюнча пикир алышканда алар маалыматы аз экендигин көрсөтүшкөн. Ушундан улам ассоциация мындан ары облус, район жана шаарлардын милиционерлери менен жолугушууларды өткөрүп, анда топтолгон сунуштарды ЕККУга, Юстиция жана Ички иштер министрликтерине сунуштаган жатат. Токтайым Үмөталиеванын айтымында, адегенде милиционерлердин көз карашын өзгөртмөйүн ЕККУнун тартип коргоо органдарын реформалоо долбоору ишке ашпайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG