Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Коалиция АКШлык аскерлерди айыптады


БИШКЕК.«Америкалык аскерлер туткунга түшкөн ирактыктарды кыйноого алган» деген маалыматтын чыгышына байланыштуу өкмөттүк эмес уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы билдирүү менен чыгып, андай көрүнүштү кескин айыптады. Коалициянын президенти Эдил Байсалов туткундарды кыйноого алууну маскарачылык катары баалап, ал окуя боюнча башталган иликтөө баарын ордуна коюп, мыйзамсыз андай ишке жол берген аскерлер жана алардын башчылары жоопко тартылыш керек деген оюн билдирди. Эдил Байсалов ошондой эле «Ирактагы бардык абактарга Эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана Кызыл чырым коомунун өкүлдөрүнүн тоскоолсуз кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берилиши жана америкалыктар бийликти ирактыктарга тезирээк өткөрүп бериш керек»,-деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG