Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Басма сөз эркиндиги күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндик күнү. ЮНЕСКО бул жылы басма сөз эркиндигине карата иш чараны Сербиянын борбору Белградда өткөрдү. Ал эми Бишкекте бул күн расмий түрдө белгиленген жок. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда басма сөз эркиндиги толук бар. Ал эми гезит-журналдар сандык жана сапаттык жактан өсүүнүн үстүндө. Оппозициялык маанайдагы «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким дагы өлкөдө басма сөз эркиндиги бар экендигин белгилеп, бирок, аны камсыздоодо «Фридом хауз» уюмуна таандык көз карандысыз басма үйүнүн ролу чоң экендигин билдирди. Ал эми «Фридом хауз» эл аралык уюму сөз эркиндиги боюнча, Кыргызстан иликтөөгө алынган 192 өлкөнүн ичинен 156 орунда тураарын 28-апрелдеги жылдык отчетунда жарыялады.

XS
SM
MD
LG