Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Күтүүсүз кырдаалдар министрлиги табигый кырсык көп болоорун эскертти


БИШКЕК. Кыргызстандын күтүүсүз кырдаалдар жана экология министрлиги кечээ областтык, райондук бийликтерге жана айыл өкмөттөрүнө атайын билдирүү таратып, анда табигый кырсыктар болушу мүмкүн болгон жерлерден элди тезинен көчүрүү милдетин алдыга койду. Буга суу ташкыны, сел жүрүү жана таш кулоо коркунучунун күч алгандыгы жана жер титирөөлөрдүн да болушу мүмкүн экендиги түрткү болду. Күтүүсүз кырдаалдар министрлиги андан тышкары турган жерлеринен көчүрүүгө түшүнүү менен мамиле кылуу зарылдыгын элге эскертти. 1-май жана 30апрель күндөрү Аксы районунун Афлатун айыл өкмөтүнө караштуу Чоңташ участкасында жер көчкү болуп, 4 үйдүн сарайын басып калды. Ал жерде тургандар мурун башка жерге көчүрүлгөндүктөн жабыр тарткандар болгон жок. Адистердин айтымына караганда, аталган жерде мурда жер көчкү болгон эмес. Жер көчкүнүн болушуна жер титирөөлөр түрткү берген. Мындай маалымат бүгүн Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG