Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫЛАНЫШЫ КООМДУК ӨНҮГҮҮ ЗАРЫЛДЫГЫНАН ЧЫГЫП АТАБЫ?


Кыргызстандын Башмыйзамы кабыл алынгандан бери 4 ирет өзгөртүлдү. Анын натыйжасында 1993-жылкы жаңы Конституцияда белгиленген бир палаталуу парламент кош палатага ажыраган. Аксы окуясынан кийин кезектеги реформага туш келген Башмыйзам боюнча парламент кайрадан бир палаталуу болуп түзүлөт. Болгон айырма мурунку 105 депутаттын ордуна болочок парламент 75 депутаттан гана турмакчы. Конституциянын кабыл алынгандыгынын 11 жылдыгы алдында Башмыйзам тууралуу кеп кылуунун оролу келип турат.

Жаңы Конституция 1993-жылы “легендарлуу парламенттин” аракет-демилгеси менен кабыл алынып, 5-май Башмыйзам кабыл алынган күн катары чоң майрамдардын катарына кошулган. Жеке адам менен мамлекеттин укуктук мамиле-катышын аныктаган ырасмий документтин негизинде оголе мыйзамдар кабыл алынга. Анын жол-жоболорунун сакталышы Конституциялык соттун көзөмөлүндө болот.

Бул айтылгандар, анан да дүйнөдө жок мыкты Башмыйзам кабыл алынып жатканы мындан онбир жыл илгери деле байма-бай кайталанган. Тек, андагы мактоо сөздөрдүн аягы сууй электе Конституция чоң өзгөрүүгө туш келип, анын натыйжасында парламент кош палатага ажырап, президент опсуз чоң бийликке ээ болуп чыга келди. Кийинки алымча-кошумчалар жерге жеке менчик киргизүү, палата мүчөлөрүнүн санын өзгөртүү, орус тилине ырасмий тил укугун берүү сындуу маселелерден улам козголуп, булардын баары чогулуп келип 2002-жылдын күзүндөгү конституциялык реформаны шарттаган.

Коомдогу аркыл саясий күчтөрдүн катышуусунда конституциялык реформа башталган. Бирок, иш аягына чыгарда президент жардыгы менен түзүлгөн эксперттик топ Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, ал референдумга коюлган. Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Абсамат Масалиев жаңыланган Конституциянын эки олуттуу мүчүлүштүгү бар деп эсептейт.

- Эми, негизинен кандай мүчүлүштөр, эмнелер эске алынбады? Президенттин укугу өтө чоң болуп турат. Биз чоң сунуш киргизип, президенттин жоопкерчилигин да жазып коелу дегенбиз. Конституцияда президенттин жоопкерчилиги тууралуу бир да сөз жок. Бирок, аны кабыл албай коюшту. Мындай Конституцияга кантип макул болсо болот? Бул бир жагы. Экинчи жагы, партиялык тизме боюнча президент өзү абдан көп айтып жүрдү. “Бизде эң чоң демократия бар, депутаттар партиялык тизме менен шайланып атат”, деп айтып жүрдү. Азыр болсо аны алып таштады. Бул эмнеге алып келет? Трайбализмге алып келет. Жек-жааттыкка алып келет. Уруулукка алып келет. Майда улуттардын өкүлдөрү парламентке өтпөй калат да, кырдаал курчуйт, - дейт Абасамат Масалиев.

Конституциянын соңку жаңыланышын ырасмий бийлик Кыргызстан өткөөл мезгилден өтүп, туруктуу экономикалык өнүгүү жолуна менен түшкөнүнө байланыштырып түшүндүрүп келет. Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Ишенбай Абдуразаковдун ырасташынча, азыртан антип бүтүм чыгарууга эрте.

- Экономикалык-саясий жагын бөлүп айта турган болсок, мисалы, саясий жактан демократия жолуна Конституциянын кепилдиги менен барышка ишенич барбы же жокпу? Ал эми экономикалык жактан алсак, азыр чын эле базар-нарк мамилесине өттүкпү? Бирок, биз азыр базар-нарк мамилесине толук өттүк деп айтыш кыйын.

Президент А.Акаев Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолуна түштү. Кийинки жылдардагы олуттуу социалдык-экономикалык жаңылануулар Башмыйзамда чагылдырылышы зарыл.

- Биз эми жаңы, жаш мамлекетпиз. Ошондуктан биз эми байыркы мамлекеттүүлүк салттарыбыздын жакшы жагын пайдаланышыбыздын зор мааниси бар, дейт президент А.Акаев.

Айрым аналитиктердин ырасташынча, Кыргызстанда Конституцияны улам-улам өзгөртүү мыйзамдын кадырын кетиргенден башкага жарабады. Мындай аракет өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орнотуу кыйлага дейре ишке ашпас үмүт болуп кала бере тургандыгын айгинелейт.
XS
SM
MD
LG