Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАР, БИРОК ТОЛУК ЭМЕС


Кыяс Молдокасымов, Бишкек http://gdb.rferl.org/C9B59013-46E3-4CEA-918D-D7D302827A03_w203.jpg 3-май Эркин басма сөздүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Мына ушул күнү көпчүлүк мамлекеттерде сөз эркиндигинин абалы таразага салынып, талкууга алынып жаткан кез. Эл аралык “Эркиндик үйү” жаңы отчетунда Кыргызстанда сөз эркиндиги өтө төмөн экендигин белгиледи. Ал эми Кыргызстандагы айрым журналисттер "бизде сөз эркиндиги бар" деп эсептешет.

Кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан «Эркиндик үйү» 28-апрелде кезектеги бир жылдык отчетун жарыялады. Дүйнөнүн 192 өлкөсүндөгү сөз эркиндигинин абалын иликтөөгө алган бул уюмдун отчетунда Борбордук Азия мамлекеттери эң арткы орунду ээлеген. Сөз эркиндигинин абалы боюнча Кыргызстан 156 орунда турса, Тажикстан 160, Казакстан 161, ал эми Өзбекстан 182, Түркмөнстан 190-орунда экени аныкталган. Түркмөнстандан соң Куба, Түндүк Корея менен тизме жыйынтыкталат.

Ошентип дүйнөдөгү кадыр-барктуу “Эркиндик үйүнүн” иликтөөсүнө караганда Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы анчалык кубанаарлык эмес. Жакында Кыргызстанга келген Америкалык белгилүү финансист, Ачык коом институтунун жетекчиси Жорж Сорос өлкөдөгү маалымат каражаттарынын абалына тынчсыздануусун, бул тема мамлекет башчысы менен жолугушкан учурунда да көтөрүлгөнүн журналисттерге ачыктаган. Ж.Сорос демократиялык өлкөдө мамлекеттик маалымат каражаттын болушу шарт эместигин, бара-бара Кыргызстанда да маалымат каражаттары бийликтин карамагынан арылса деген аруу тилегин билдирген.

- Кыргызстандагы маалымат каражаттары бара-бара элдик бир басма сөз каражатка айланса дедим эле. Мисалы Би-Би-Си өңдүү. Алар мамлекетке көз каранды болбой, эркин иштегенге өтүшүн каалар элем.

Кыргызстандагы сөз эркиндигине жана журналисттердин куугунтукка кабылышына такай иликтөө жүргүзүп келген “Жуналист” бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев өлкөдө сөз эркиндигине ар кандай тоскоолдуктардын болуп жатканына, ал түгүл кээ бир басылмалардын баш редакторлорунун камалып, гезиттердин сот аркылуу жабылып жатканына карабай сөз эркиндиги бар экендигин белгилейт:

- Бизде эркин сөз деген түшүнүк бар. Эркин сөз бизде эгемендик башталгандан бери келатат. Таптакыр эле басып салды, жанчып салды деп айталбайбыз да. Бир гезитти жапкан күндө да анын ордуна башка гезит чыгат. Ошол эле эркин гезит. Ошон үчүн бизде сөз эркиндиги таптакыр түбү менен кыркылган жок.

Кыргызстандык жана эл аралык талдоочулар жакында эле “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын баласы Чынгызды көчөдөн белгисиз адамдар эч себепсиз эле сабап кеткенин, “Энесай” гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленовдун үстүнөн козголгон кылмыш ишти сөз эркиндигин басууга карата бийликтин кезектеги аракети деп баалашты. Ал эми “Энесай” гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленов өзүнүн эч күнөөлүү эместигин айтып, буларды кошумчалады:

- Мен Аленов Бахпурбек, «Энесай» гезитинин башкы редакторумун. Гезитти чыгара баштаганыбызга бир айдын эле жүзү болгон. Бүгүнкү күндө чын ниети менен иштеген кишилерди көрө албаган заманда бутун, канатын кыя чаап эле алдыга өстүрбөш керекпи? Укуктук мамлекет курбаткан максатыбыз, аракетибиз кайда кетет анда? Жөн эле укукту тебелегендик да бул. Биз бул жол менен бара турган болсок анда келечеги жок өлкө деп эле айтууга болот. Мамлекет башчыбыз башында туруп аябай кооздоп сүйлөгөн сөздөрүбүздүн баары эле анда жокко чыга турган нерсе да анда бул багытта, ушул нукта иш алып бара турган болсо.

Бирок өкмөттүк саясатты жүргүзгөн айрым басылмалар ар убак Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтып келет. Ал тууралуу “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редакторунун орун басары Догдурбек Юсуповдун пикири мындай:

- Сөз эркиндиги дегенде, жакында бир гезиттен окудум, «Фридом хауздун» отчетунда Кыргызстан сөз эркиндиги чектелген өлкө деп айтылыптыр. Менимче көз карандысыз басмакананын ачылышы эле биздин өлкөдө сөз эркиндигинин бар экендигин далилдеп турат.

Ошентип эл аралык “Эркиндик үйүнүн” жакында жарыялаган отчетундагы Кыргызстанда сөз эркиндиги эң төмөнкү деңгээлде деген маалыматка өлкөдө макул болгондор да, макул эместер да бар. Ал эми Кыргызстанда сөз эркиндиги кандай абалда экенин угармандар өздөрү талдап алышаар.
XS
SM
MD
LG