Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Грузин өкмөтү ажар автономиясы гуманитардык кризиске кептелиши мүмкүн деп эскертти


Ажар автономиясын Грузиянын калган бөлүгү менен байланыштырган көпүрөлөр жана темир жолу автономиянын жетекчиси Аслан Абашидзенин көрсөтмөсү менен кыйратып салынгандан кийин чөлкөм гуманитардык кризиске кептелиши мүмкүн. Мындай билдирүүнү бүгүн Тбилисинин өкмөтү жасады.
Ажариянын россиячыл лидери Абашидзе бул иш чара Тбилисинин аскерий акциясын алдын алуу үчүн жасалды деп актанган эле.
Грузиянын тышкы иштер министрлигинин атайын билдирүүсүндө иш жүзүндө обочолонуп калган регион гуманитардык алааматка туш болушу ыктымал деп белгиленет.
Грузиянын өкмөт башчысы Зураб Жвания Казакстандан ташылган мунайды Батуми терминалына ташуу токтоп калса, өлкө ири кирешеден кол жууп калат деп эскертти.

XS
SM
MD
LG