Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Миналарга каршы конференция ачылды


Бүгүн 70 өлкөнүн өкүлдөрү Сараеводо чогулуп, миналарга тыюу салган эл аралык келишимдин аткарылышын талкуулашты. Оттава конвенциясы деп аталган келишимге 142 мамлекет кошулган. Жер миналарына тыюу салуу үчүн күрөшүп келаткан топ уюштурган үч күндүк конференциянын катышуучулары Босния өкмөтү өлкөнү Балкан согушунан калган миналардан тазалоо иштерин ыкчымдатууга тийиш деп белгилешти. Босниядагы уруштан 2 миң чарчы километрдик аянтта бир миллионго жакын мина калган деп болжолдонууда.
Бул уюм Вашингтонду катуу сынга алып келатат. АКШ НАТОнун жер миналарына каршы күрөш өнөктүгүнө кошулбаган жалгыз мүчөсү.
Ал аралыкта Ооганстандын Забул вилайетинде (провинциясында) 4 аскер жана 2 карапайым атуул минага кабылып, мерт кеткени кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG