Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

АКШ аскер кызматчыларынын күнөөсү териштирилүүдө


БАГДАД. Кечээ Багдаддын батыш тарабындагы кагылышууда америкалык бир аскер жана 4 ирак козголоңчусу набыт болду. Куралчан кагылышуулар Эн-Нажафта да болду. Фаллужада кырдаал жакшыра баштады жана элдин үйлөрүнө кайтышына уруксат берилип жатат. Бул аралыкта президент Буш ирактык айыпкерлерди мазактаган факт боюнча ишти көзөмөлдөөнү коргоо министр Роналд Рамсфелдге тапшырды. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл:

- Бул маселе боюнча териштирүүнүн чоо-жайы териштирилип, түрмө системасындагы башка бардык проблемалар чукул аралыкта аныкталарына мен ишенем, - деди.

Акыркы маалыматтар боюнча бул ишке тиешеси бар деп шектелген 13 аскер кызматчысына иликтөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG