Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

БРИТАНИЯДА ИДЕНТТҮҮЛҮК КАРТАСЫ КИРГИЗИЛМЕКЧИ


Британияда иденттүүлүк картасын сыноо башталды. Мындай карта бардык Британ жарандарына милдеттүү киргизилсе, ал террордун жолун тороого огожо болобу же адамдардын жарандык укуктарын чектеп, улут аралык ынтымакка жик салабы?

Британияда паспорт алып жүрүү милдети Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эле жоюлган. Терроризмге каршы глобалдык согуш эми ички паспорттун же иденттүүлүк картасынын, болгондо да анын биологиялык кайталангыс өзгөчөлүктөрү да компютер окуй ала тургандай түшүрүлгөн түрү киргизилгени турат.

Үстүбүздөгү жумада бул өлкөдө 10 миң демилгечи тандалып алынды. Аларды сүрөткө тартып, бети-башы, мисалы, эки көзүнүн ортосундагы аралык, мурду, маңдайы ченелет. Көзүнүн кареги сүрөткө түшүрүлөт жана манжаларынын изи алынат. Бул маалыматтын баары компютерге киргизилип, жаңы иденттүүлүк картасына ширетилүүчү микросхемага салынат. Эгер мындай тажрыйба ийгиликтүү өтсө жана аны парламент колдоп берсе, биометрикалык жаңы документ келээрки тогуз жыл ичинде бүткүл Британия аймагыгана киргизилет.

Ээси тууралуу маалыматтарга жык толгон иденттүүлүк картасын киргизүүнүн башкы сүрөөнчүсү Британиянын ички иштер министри Дэйвид Бланкет болгон. Ушул демилгени биринчи көтөрүп чыкканда өлкөнүн башкы полициячысы биометрикалык документтен өлкө утса утат, асты уттурбайт деген эле:

- Биздин ким экенибиздин такталып, таанылышынан коркууга негиз жок. Тескерисинче, бизди башка бирөө менен алмаштырып же биз тууралуу маалыматтын алдамчылык максатта пайдаланылышынан корко турган жөнүбүз бар.

Арийне, министрдин сөзү элдин баарын эле муюта албады. Шотландиядагы Эндрюс Олуя университетинин терроризм борборунун директору Магнус Рансторптун айтымында, Бланкеттин жаңы картасы уюшкан кылмышкерлер же террордук топтор менен күрөшкө көмөк болот дегени бир чети туура болгону менен, террордук топтор Британияга башка жолдор менен да кире алаарын эскертет.

Жакында жүргүзүлгөн сурамжылоо британдардын 80 пайызы жаңы документтин киргизилишин колдоорун көрсөттү. Элдин 73 пайызы бул документ жарандык укуктарга шек келтирбейт деп эсептейт.

Британиянын жарандык эркиндиктер боюнча улуттук кеңешинин маалымат катчысы Бэрри Хюгел бул сурамжылоонун жыйынтыгы менен таанышып чыккан. Ошого карабастан ал бир борбордо чогултулган биометрикалык маалымат жеке адамдардын укуктарына каршы колдонулушу мүмкүн деп кооптонот. Ал ошондой эле ички иштер министринин кечээ бирди айтып, бүгүн башканы айтып жаткандыгына таң калганын жашырган жок.

- Бланкет мырза өткөн аптада радио-теледен канча ирет чыгып сүйлөп, иденттүүлүк картасы терроризм менен күрөштө колдонуу үчүн киргизилип жатканын саймедиреген. Дүйшөмбүдө мыйзам долбоору жарыялангандан кийин "бул документ терроризмди токтото албайт" деп калыптыр. Андай болсо анын кереги канча экени түшүнүксүз.

Иденттүүлүк картасы британиялык мусулмандарды да бушайманга салды. Исламга кастарын тигүүчүлүк жана расизм менен күрөшкөн британ форумунун аткаруучу директору Самар Машхади иш-чара коомдогу чыңалууну күчөтүп, расалар аралык алакага залака келтирет деп эсептейт. Өз сөзүн бекемдеп Машхади айым Францияны мисалга келтирди:

- Францияда иденттүүлүк картасынын киргизилиши түндүк африкалык түспөлдөгү адамдар менен расалык мамиленин начарлашына алып келди. Аларды (полициячылар) башкаларга караганда көбүрөөк токтотушат. Бул эмнеден болуп жатат деген суроо туулат. Бул улутуна, расасына карап текшерүү эмеспи?

Машхадинин айтымында, Британ өкмөтү мусулман уюмдарын "силердин укуктарыңар сакталат" деп ишендирип келет. Бирок жаңы иденттүүлүк картасы боюнча мусулман жамааты менен кеңири талкуу жүргүзүлгөн жок.
XS
SM
MD
LG