Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

ЕВРОБИРИМДИККЕ ДАГЫ 10 МАМЛЕКЕТ КОШУЛДУ. ПРОБЛЕМАЛАР ДАЛЕ КӨП


1-майдан тартып Евробиримдикке дагы 10 мамлекет кошулду. Ишембиде биримдиктин азыркы төрагасы Ирландиянын баш калаасы Дублин шаарында салтанаттуу саммит болуп өттү. Бирок майрамдык шаан-шөкөт аяктаары менен биримдиктин алдында турган көптөгөн проблемалар жөнүндө сөз боло баштады.

30-апрелдин түнүндө Балтикадан Жер ортолук деңизине чейин орун алган Европанын 10 мамлекети Евробиримдикке кошулду. Ошентип, Берлин дубалынын кулаганына 15, экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 60 жыл өткөндөн кийин Европа кайрадан бирикти. Дублиндеги саммитте Ирландиянын премьер-министри Бертие Ахерн Европанын биригүүсүнүн тарыхый маанисине токтолду:

- Согуштан тынчтыкты, өз ара жек көрүүдөн сый-урмат мамилени, бөлүнүп-жарылуудан биримдикти, диктатордук режимден чыныгы демократияны жаратканыбызды унутпоого тийишпиз.

Анын алдынкы күнү немис канцлери Герхард Шрөдер Германия, Польша жана Чехиянын чегаралары кесилишкен жерде сүйлөгөн сөзүндө мындай деген эле:

- Бул күн Европа тарыхына чоң тамга менен жазылып калат. Континенттин жиктелүүсүнө, анын аркасы менен элдердин бөлүнүп калуусуна акыр аягында чекит коюлду. Борбордук жана Батыш Европанын калкы кайрадан Европа үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү болуп калды.

Бирок "той да болот, тойдун эртеси да болот" дегендей, кеңейтилген Евробиримдикти алдыда көптөгөн проблемалар күтүп жаткандыгы да белгилүү.

Алардын бири - орток Конституция боюнча талаш жөнгө салынат деген үмүтүн Германиянын канцлери Герхард Шрөдер билдирди:

- Евробиримдиктин Констиутциясы июндун этегине дейре кабыл алынат деп ойлойм. Анткени тараптар компромисс жолун тандашты.

Мындан тышкары биримдиктин жаңы мүчөлөрү менен ветеран-өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык камсыздоодогу айырмачылыктар жоюулууга тийиш. Буга болжолу менен кеминде он жыл талап кылынат.
Октябр айында Еврокомиссиянын төрагасы Романо Продинин мандаты аяктайт. Биримдик бул кызматка жаңы талапкерди тандоого тийиш.

Андан кийин гана алдыдагы жети жылдын бюджети кабыл алынмакчы. Байкоочулар бул маселени чечүүдө да жаңы мамлекеттер менен эски мүчөлөр, мындайча айтканда, жакыр өлкөлөр менен байлар ортосунда көптөгөн талаш-тартыш болоору ажеп эмес дешүүдө.

Кеңейүү процесси муну менен токтоп калбайт. Кезекте Румыния, Болгария жана Түркия турат.
Романо Проди София менен сүйлөшүүлөр оң маанайда өтүп жаткандыгын белгиледи:

- Көп маселелер боюнча диалог пландалгандай өтүүдө. Өлкөнү өз мөөнөтүндө кабыл алууга кандайдыр бир себеп бар деп ойлобойм.

Польшанын президенти Александр Квасневский болсо блок Украинадан тартып Балканга чейинки мейкиндиктеги мамлекеттерди кабыл алууга даяр болушу керек деп билдирди:

- Бүгүн Польша Европа үй-бүлөсүнө кайтып келүүдө. Бирок Европа биримдигине кошуулуга үмүттөнүп, кыялданып жаткандар үчүн ачык болууга тийшпиз.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG