Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

БИШКЕК - ТАШТАНДЫСЫ КӨП ЧОҢ БАЗАРГА ОКШОП БАРАТАТ


Чет өлкөдөн келген адамдар Бишкекти "чаң базар шаар" деп коюшат экен деген маалыматтар бар. Асыресе, базардын айланасындагы көчөлөр таштандыларга толуп, акыр-чикир уюганы көнүмүш көрүнүшкө айланды.

Айрым адамдар азыркы Бишкектин эки чоң проблемасы бар деп айтышат. Анын бири көчө толгон таштандылар болсо, экинчиси - Бишкектин көчөлөрүн акыр-чикирге бөлөп аткан адамдар.

Чындап эле Кыргызстан эгемендик алгандан бери борбордун аталышы эле эмес, шаардык маданият да өзгөрдү. Элеттен келгендердин саны кескин көбөйүп, айыл адамдары үчүн шаардык бийлик жана шаар маданияты тазалык, үлгүлүү жүрүм-турум боюнча өрнөктүү эч нерсе тартуулай алган жок.

Шаардык тургундар Бишкектеги жагымсыз жагдайдын жаралышын айылдыктардан көрүшөт. Анда эмесе ушул маселе боюнча экономист Жусуп Пиримбаевдин пикирин угуп көрсөк:

- Бишкек шаары базар болуп калды. Базарда негизинен иштеп жаткандар - айылдан келген кишилер. Бирок биз өзүбүздүн мекендештерибизди шаарга келип, булгап жатат деген туура эмес маселе. Ошолорду шаардын маданиятына үйрөтүш - бул мэриянын иши. Айылдан борборго келип иштеп атат алар. Биздин сооданын оорчулугун ошолор көтөрүп атат. Биз аларды айылдан келип, бизди бузуп атат дегендин оордуна, мэрия ошого каршы программа кабыл алып, айылдан келген кишилерге шаардын маданиятын сунуш кылыш керек, үйрөтүш керек. Шаардын өз мезгилинде театры, маданияты бар болчу. Азыр театрга барсаң ышкырык, түкүрүк, ичкилик болуп атат. Ал эмне себептен чыгып атат? Ал жалпы шаардын маданиятынын деңгээлинин түшкөнүнөн, ички жан-дүйнө байлыгынын азайышынан, жакырланышынан чыгып атат.

Чындап эле элет турмушу менен шаардын жашоосунун ортосунда чоң айырма бар. Айылдагы эркиндик менен шаардагы жоопкерчиликти түшүндүрүш үчүн Бишкек мэриясы таштанды челектерди жасаганга караганда тазалык маселесине арналган телеролик, реклама, кызыктуу оюн сыяктуу өрнөктөрдү жайылтканга аракет кылса деген ойдобуз.
XS
SM
MD
LG