Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

КЫРГЫЗСТАНДЫ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КРИЗИС ЖЫЛООЛОДУ ДЕШЕТ АДИСТЕР


Султан Раев, Бишкек Кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк банктын сунуш менен тарифтерди көтөрүү алдында турат. Бул калк арасында жаңы социалдык нааразычылыктарды туудурушу мүмкүн деп жатышат эксперттер. Ошол эле учурда өлкөнүн энергетика тармагындагы коррупциянын айынан Кыргызстан жыл сайын миллиондогон сомдорду жоготуп жатканы айтылууда.

- Мен Атбашы районунун Атбашы айылында жашайм. Биз 480 сом пенсия алабыз. Бир мүшөк унубузга төлөйбүзбү же электрге төлөйбүзбү? Азык-түлүк эч кандай ала албайбыз. Бир айда электр жарыгына канча сом кетет? Эгерде электр энергиясынын баасын мындан ары да жогорулатса дагы кыйналабыз.

Карапайым элге кайрылганыбызда анын баары эле электр энергиясынын баасын кымбаттатуу саясатына карата ушундай ойлорун билдиришти. Кыргыз өкмөтү ушул жылдын 1-апрелинен тартып өлкөдөгү Дүйнөлүк банктын миссиясынын сунушу боюнча ички рынокто тарифти көтөрмөк эле. Бирок өкмөт алдындагы энергетика боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Эмил Узакбаев бул чара калк арасындагы социалдык нааразычылыктарды жаратат деген ойду негиздеп, мындай кадамга барбоону премьер-министр Николай Танаевге терең анализ менен билдирген эле.

Ал оюн экс-директор Эмил Узакбаев мындай айтып берди:

- Элдин 60 пайыздан ашыгы жакырчылыкта жашап жатса, тарифти көтөрүү менимче, бул - кыргыз элинин душманы катары кадамга баруу болот.

Кыргыз өкмөтүнүн энергетика боюнча агенттигинин акыркы эки айда жүргүзгөн анализинде ички рыноктогу электр пайдалалууну дагы 10-11 пайызга көтөрүүнүн ордуна, өлкөдөгү электр ишканалардагы чарбачылыкты, андагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлса, жыл сайын максатсыз жоголуп жаткан миллиондогон, ал эмес миллиарддаган сомдордун эсеби табылат эле дешет адистер. Айталы, "Кыргызэнергодо" рекструктуризацияга чейин 12 миң 356 адам иштесе, ал эми 2004-жылдын 1-январында иштеген адамдардын саны 15 миң 356га өскөн, башкача айтканда 3 миң адамга. Андагы айлык фондусу 1,5 эсеге, орточо маяна 1,4 эсеге, аппарат 1,7 эсеге өскөн.

"Электрстанциялар" АКсы 2003-жылы 13,8 млрд. киловатт саат электр энергиясын иштеп чыккан болсо, ал 2002-жылга салыштырмалуу 102,9 пайызга көп. Бирок товардык продукциясынын өсүшү 2003-жылы 2002-жылга салыштырмалуу 111,3 пайызды араң түзгөн. Ал да ички рыноктогу тарифти 16,8 пайызга көбөйткөндөн кийин гана ушул көрсөткүчтү жараткан. Ал эми электр энергиясын экспорттодо өтө төмөндөтүлгөн тарифтин негизинде келишим түзүлүп, компаниянын киреше бөлүгү 857,1 млн. сомго азайган, башкача айтканда, экспорттук тариф 1 киловатт саат электр энергиясына 2003-жылга 0,57, 0,6 АКШ центин, же 24,5, 25,8 тыйынды түзгөн. Ал эми бизге бартердик негизде келген көмүр, мазут өтө жогорку бааларда алынган.

Энергетика тармагындагы мындай кырдаалдын себеби эмнеде деген суроо менен энергетика боюнча агенттиктин директорунун орун басары Акылбек Иманбаевге кайрылганыбызда ал мындай деди:

- Тарифти көтөрүүнүн кажети жок деп ойлойм. Анткени азыр эл 3 млрд. 100 млн. сомго жакын карыз, анын ичинен 58 пайызы элде болуп атат. Ички резервдердин пайдаланып, тарифти көтөрбөй койсок деле болот эле.

"Кыргызстандын улуттук байлыгы - энергетика" деген бийик сөздү баардык жерден көрөсүң. Бирок ал азыркы күндө эң актуалдуу маселеге айланды.
XS
SM
MD
LG