Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

АКШ ИРАК ЭЛИНИН ДУШМАНЫНА АЙЛАНДЫБЫ?


Ирактык айыпкерлерге зомбулук көрсөткөн америкалык аскерлердин сүрөттөрү АКШнын өзүндө да, дүйнөнүн калган бөлүгүндө да катуу нааразылыкты жаратты. Араб жана мусулман өлкөлөрүндө терс пикир айрыкча катуу болуп жаткандыктан, Вашингтондун бедели Жакынкы Чыгышта кайта калыбына келбестей түштүбү деген суроону жаратууда.

Ирак түрмөсүндө америкалык аскерлердин айыпкерлерди кордогон сүрөттөрү биринчи жолу өткөн жумада Кошмо Штаттарында сыналгыдан көрсөтүлгөн эле. Кийин алар бүткүл дүйнөгө тарады. Сүрөттөрдөн жылаңачталган айыпкерлердин бири-бирине мингизилгенин, башына кап кийгизилип, урулуп-сабалганын жана четте америкалык аскерлер жылмайып карап турганын көрүүгө болот.

Жума күнү АКШнын президенти Жорж Буш бул сүрөттөрдөгү америкалык аскерлердин жүрүм-турумун айыптап, "мындай мамиле Америка элинин табигаты менен коошпойт, Америкада биз мындайга жол бербейбиз",- деди.

Багдаддык журналист Хива Осман бул окуя Ирактын маалымат каражаттарында кеңири талкууланып жаткандыгын бышыктады.

- Гезиттердин баары бирдей жазган жок. Бирөөлөрү болгонун болгондой чагылдырууда, башкалары ачууга алдырып жатышат. Бирок жалпысынан, көпчүлүк көргөн көздөрүнө ишене албай, дендароо болуп турган чак.

Журналисттин айтымында, буга чейин эл америкалык аскерлердин зөөкүрдүгү тууралуу маалыматтарга АКШга каршы үгүт-насаат деп анчейин көңүл бурчу эмес. Азыр баары өзгөрдү. Египеттин "ал-Ахрам" гезитинде жарык көргөн комментарийде Кошмо Штаттарын жана Улуу Британияны айыптоо менен чектелбестен, күнөөсү бар аскерлерди соттоо үчүн кечиктирбестен эл аралык трибунал түзүү керектиги айтылат.

Ирактын таасирлүү мусулман динаятчыларынын биримдиги да ушул дүйшөмбүдө эл аралык иликтөө жүргүзүү сунушу менен чакты. Сириянын ырасмий "ат-Тавра" гезити АКШ аскерлери айыпкерлерди кыйнаган учурлар кеңири таркаган көрүнүш деп жазды.

Ошол эле кезде Катарда обого чыгуучу "ал-Жазээра" сыналгысынын маалымат катчысы Жихад Баллоут "Азаттыкка" "Ирактагы, жалпы эле араб өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттары менен таанышканда "таң кала турган эч нерсе жок, мындай болоорун биз мурда эле билишибиз керек болчу" деген маанай күчтүү экенин билдирди.

Америкалык сенатор, оппозициядагы демократ Йозеф Байден Багдаддын сыртындагы "Абу Граиб" түрмөсүндө орун алган бул окуяларды "Акыркы он жылдагы Американын Жакынкы Чыгыштагы беделине балта чапкан эң бир ашынган көркоолук болуп калды" деди.

"Ал-Жазээра" сыналгысынын маалымат катчысы Жихад Баллоут да ушул эле пикирде:

- АКШнын Жакынкы Чыгыштагы элдик саясаты буга чейин мынча аксаган эмес.

Араб Лигасынын баш катчысы Амр Муса "бул адам карагыс сүрөттөрдөн" көңүлү айнып, катуу кыжаалат болуп жатканын билдирди. 57 өлкө кирген Исламдык конференция уюумунун учурдагы төрагасы Малайзиянын премьер-министр Абдулла Ахмад Бадаши АКШ менен Британияны аскерлерин тыйып, мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн шашылыш жана катаал чара көрүүгө чакырды.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы "Ирак элинин душманы мурда Саддам Хусейн болсо, эми анын ордун Кошмо Штаттары болуп калды" деп айтты.

Ал эми Ооганстан америкалык аскерлердин ирактык айыпкерлерге көрсөткөн зөөкүрдүгү Кошмо Штаттарынын Ооганстанды турукташтыруу аракетине болгон ооган элинин колдоосун солгундатаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG