Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Таласта «Хизб ут-тахрирдин» таасири жок деп эсептейт


ТАЛАС. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы облустук казияттын отчетуна катышты. Облус мусулмандарынын казысы Сатылган ажы Баят уулунун баяндамасынан кийин өрөөндүн айыл, кыштактарынан келишкен имам хатибдер, дин жолундагы жаштар менен карыялар дин тутуу жана таратуу жаатындагы көйгөй маселелери туурасында ой бөлүштү. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуман уулу жыйынтык сөз сүйлөп, "Хизб ут-Тахрирдин" таасири Таласта жок экендигин белгилеп, мектептерге ыйман сабагынын киргизилишинде облустун салымы зор болгондугун белгиледи. Суроолорго жооп берүү учурунда муфтият сөөк жашырууга байланыштуу орунсуз ыгым-чыгымды токтотууга күчү жетпей жаткандыгын моюнга алып, бул ишке мамлекеттин аралашуусун суранды. Муфтий Таласта мечиттерди менчиктештирүү, эки-үч балага медресе ача коюп, балдардын арты менен жерге ээлик кылуу, куран окугандыгы үчүн акча алуу сыяктуу терс жосундарды ашкерледи.

Ушул тапта Талас облусунда 80 имам хатиб жана 73 мечит казияттын көзөмөлүндө.

XS
SM
MD
LG