Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Кайып Оторбаевдин байгесине арналган кичи футбол мелдеши башталды


4-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда футбол ардагери, академик Кайып Оторбаевдин байгесине арналган кичи футбол мелдеши башталды. Кайып Оторбаев жаш кезинде Бишкектин «Алга», Москванын «Спартак» жана Санкт- Петербургдун «Зенит» командаларында ойноп, кыргыз футболунун башатында тургандардын бири. Белгилүү футболчу, академиктин байгесине 8 жылдан бери кичи-футбол же футзалдан мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө байгени өзү тапшырып келет. Мурдакы мелдеш эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келсе, быйыл өлкөдөгү командалардын чебердигин жогорулатуу максатында облустардын футболчулары чакырылды. Баш байге үчүн 8 команда талапкер болууда. Мелдештин ачылыш аземинде академик К.Оторбаев футболчуларга ийгилик каалады. Бул мелдешти өткөрүүнүн демилгечилери Кыргызстандын футзал ассоциациясы, өлкөнүн туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети жана Кайып Отробаевдин үй-бүлөсү, туугандары. Мөөрөй талашуу 8-майга чейин уланып, жеңүүчүлөр ошол күнү аныкталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG