Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Жалалабад аймагына Өзбекстандын атуулдар келип иштешүүдө


ЖАЛАЛАБАД. Облустун талааларында айыл-чарба иши күч алып, Өзбекстандын Анжиан жана Наманган облустарынын атуулдары кыргызстандыктарга жалданып иштөөгө өтүштү. Учурда жер жумшартуу жана пахта чабуу, турак жай куруу жумуштарында өзбекстандык 1,5-2 миңдей атуул иштеп, беш жүздөйү жашылча-жемишин базарларда сатып, үй-бүлөсүн багып жатышат. Жай, күз айларында легалдуу эмес эмгек мигранттарынын саны 8 миңден да ашуусу күтүлөт. Учурда талаада иштегендерге жер ээлери күн сайын тамак-ашынан, жол киресинен сырткары 60 сомдон акча төлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG