Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Президент Тажикстанга барат


БИШКЕК. 27-майда президент Аскар Акаевдин Тажикстанга расмий сапары башталат. Эки күнгө созулчу сапар учурунда кыргыз президенти тажик президенти Эмомали Рахмонов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Сапар учурунда саясий жана экономикалык багыттагы документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Эркин Мамкулов бүгүн билдирди. Ал эми Тажикстандын Хожент шаарында бул күндөрү чек араны делимитациялоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анда кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева жетектөөдө. Сүйлөшүүлөр 6-майга чейин созулат.

XS
SM
MD
LG