Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:32

Конституция корей жана украин тилдерине которулду


БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциясы Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Сабировдун демилгеси жана Корей борборунун колдоосу менен корей, Кыргызстандагы украиндердин «Берегиня» коомунун демилгеси менен украин тилине которулуп, жарык көрдү, бет ачары 5-майда Конституция күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, бет ачар азем Кыргызстан элдеринин Ассамблеясында болмокчу. Кыргызстандын эгемендүүлүк доорунда 1993-жылы Конституция кабыл алынган. Андан кийин ал төрт жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Өткөн жылы 2-февралдагы референдумда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG