Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Террорчу деп кесилгендер апелляциялык арыз жазды


БИШКЕК. АКШ баштаган антитеррордук коалициянын Кыргызстанда жайгашкан базасына каршы террордук чабуул жасоого даярданган деп айыпталып, Ленин райондук соту тарабынан 23-апрелде көп жылдык мөөнөткө кесилген төрт атуул апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышты. Бул тууралуу алардын адвокаты Айнабек Качкынбаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, арызда ишти адилет карап, Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү айтылган.

Кыргызстандын үч, Казакстандын бир атуулу өткөн жылы Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан террорчу деп шектелип кармалган. Ленин райондук соту террорчу деп шектелген Бакыт Батырбековду 13 жылга, ал эми Надыр Исманалиев, Рамис Бердалиев жана казак атуулу Акролкожо Абдувалиевди 10 жылга кескен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG